детсад1

Учурда башкалардын колдоруна ар кандай жолдор менен өтүп кеткен 1527 бала бакчалар бар экени белгилүү.

“Генералдык прокуратуранын аракети менен бүгүнкү күндө 50дөй бала бакча кайтарылды. Өкмөт аларды тез арада оңдоп-түзөп пайдаланууга бериши зарыл. Мурдагы балдар бакчаларын кайрадан кайтарып алуунун укуктук проблемаларынан тышкары имараттарды ылайыкташтырууга, жаңы түзүлгөн бала бакча кызматкерлерине айлык маяна төлөөгө каражат табуу да татаал болуп жаткандыгын айтыш керек”,- деди 19-ноябрда Чүй областынын Ак-Бешим айылындагы бала бакчага жана Кара-Балта шаарындагы “Колосок” бала бакчасына барган вице-премьер-министр Эльвира Сариева. Аталган бала бакчалар жакында эле мамлекеттин менчигине кайтарылган.

Э.Сариева мурдагы балдар бакчалардын имараттарын кайтарып алуу маселесин көзөмөлдөөнү жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын жетекчилери менен биргеликте кайтарылган имараттарды пайдаланууга берүүнү тездетүүнү Билим берүү жана илим министрлигине тапшырды.