Москвада баңги затынын ири партиясы менен кармалган Кыргызстандын 20 жаштагы жараны камакка алынды
Москванын (Орусия) Петушинск районунда полиция кызматкерлери тарабынан баңги затынын ири партиясын сатуу аракетин көргөн Кыргызстандын 20 жаштагы жараны кармалды, деп маалымдайт бүгүн, 20-ноябрда 6tv.ru сайты.
Маалыматка ылайык, андан 107 грамм салмактагы героин заты алынды. Колго түшүрүлгөн адам ушул жылдын жай мезгилинде Орусиянын аймагына өткөн Кыргызстандын жараны экендиги, ошондой эле Москва облусундагы каттоо мөнөтү бүткөндүгү белгилүү болду, деп айтылат маалыматта.
Баңги затынын ири партиясы менен кармалган жаранга карата 10 жылдан 20 жылга чейин эркиндигинен ажыратуу жана ири өлчөмдө айып каралган кылмыш иши козголду. Билдирүүгө ылайык, учурда камакка алынды.
Булак : Баракелде


Комментарий кошуу