Бүгүн, 11-декабрда парламенттин отурумунда КРнын экономика министри Темир Сариев, экономиканын өсүшүнө терс таасир берген факторлорду анын ичинде жаңы ишканаларга жергиликтүү калктын терс мамилесин атады.

Депутат Майрамкүл Тиленчиева («Ар-Намыс»), КРнын экономикасынын өсүшүн эмне чектеп жаткандыгын сурады.

Министр инфраструктуранын өнүкпөгөндүгүн, ички базардын чакандыгын атады. «Эмнеге тышкы карыз өсүп жатат? Аны чоңойтпош керек. Эгер ушундай темп менен кете турган болсок, анда темир жолдорду, жолдордун курулушу үчүн дагы 20-30 жыл керек. Биз бул багытта туура саясат жүргүзүшүбүз керек», – деди ал.

Ошондой эле терс таасирлердин бири болуп жергиликтүү бийликтердин мыйзамдарды начар аткарышы саналат. «Жергиликтүү калктын инвесторлорго болгон мамилесин өзгөртүш керек. Эгер инвестор келсе, анда ал уурдайт деп ойлошот. Бүт дүйнө инвестицияга муктаж болгондуктан биз мындай ойдон кайтышыбыз керек. Анткени инвестициялык жагымдуу климат керек. Мыйзамдар бар, бирок начар аткарылып жатат. Ушунун баары экономикага терс таасир берет»,- деди Сариев.

Депутат өз кезегинде мыйзамдардын аткарылышын ким көзөмөлдөшү керектигин сурады.

«Өкмөт, Башкы прокуратура, жергиликтүү бийликтер, өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү. Көптөгөн ишканалар токтотулуп жатат. Кыргыз-кытай газ түтүгүн тажиктер куруп жатат, Өзбекстан макул болду. Биздин долбоорлор аяктай элек. Анткени жергиликтүү калк таптакыр башкача мамиле кылат. Кээ бир фабрикалар менен ишканалар жергиликтүү бийлик жана калк менен болгон мамиледен улам токтоп жатат. Кендерге кандай мамиле болуп жаткандыгын сиз өзүңүз көрүп жатасыз. Биз мунун баарын тартипке келтиришибиз керек»,- деди министр.