“Махмуд Кашгари-2014” сынагы жыйынтыкталып, “Арча” сынагы башталды
Эл аралык ТҮРКСОЙ уюму, Түрк элдеринин “Евразия” жазуучулар бирлиги “Жаңы Ала-Тоо” журналы менен биргеликте республикабызда өткөрүлгөн адабий сынактын (аңгемелер) жыйынтыгын чыгарды.
Азем Кыргызстандын Чет мамлекеттер менен достук жана кызматташтык коомдору бирлигинде (КДКБ) мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин, белгилүү акын-жазуучулардын, котормочулардын, ММК кызматкерлеринин катышуусунда өттү.
Калыстар тобунун чечими менен Жылкычы Жапиев “Бейиш тоо” аңгемеси үчүн 1-орунду жеңип алса, 2-орунга “Анар” аңгемеси үчүн Абдил-Ахат Курбан уулу, 3-орунга “Жарык” аңгемеси үчүн Шайырбек Эркин уулу жетишип, диплом, кубок жана акчалай сыйлыктарга ээ болушту.
Ага удаа “Турар” басмаканасынын жана “Жаңы Ала-Тоо” журналынын “Арча” адабий конкурсу жарыяланды. Ага проза жана котормо жанры боюнча мурда жарыяланбаган чыгармалар катышат. Конкурска түшчү чыгармалар 2015-жылдын 1-мартына чейин кабыл алынат.
Проза жанрына 1 сыйлык. Аны жеңген адам “Арча” адабий сыйлыгынын жеңүүчүсү күбөлүгү жана 100 000 сом акча менен сыйланат. Андан тышкары, кызыктыруучу сыйлыктар да бар.
Котормого 1 сыйлык. Ага ээ болгон адам Арча” адабий сыйлыгынын жеңүүчүсү күбөлүгү жана 20 000 сом менен сыйланат. Кызыктыруучу сыйлыктары да бар.


Комментарий кошуу