Кыргызстандын шарабы Молдованыкынан кем калышпайт
Кыргызстан Бажы биримдигине кириши менен Молдова өлкөсүнүн атактуу шарабынын ордун ээлөөнү пландоодо. Бизде өндүрүлүп жаткан шарап Молдова өлкөсүнүкүнөн калышпайт. Кыргызстандын бул өндүрүшүнө Орусия дагы кызыкдар.
Акыркы жылдары Кыргызстанда жүзүм аянттары кыскарып, Союз учурунда жүзүм өстүрүлгөн аянттар буудай, арпа талаасына айланган. Шампан-шарап чыгаруучу ишканалар дээрлик жабылган. Убагында Ленин атындагы жүзүмчүлүк комбинатында шампан-шарап чыгара турган завод иштечү. 1996-жылы совхоз жоюлгандан кийин жүзүм өстүрүлгөн талаалар үлүшкө берилип, бул өсүмдүктү өстүрүүгө көңүл бурулбай калган. Аламүдүн районундагы Васильевка айыл аймагындагы мурдагы 1 миң 400 гектар жүзүм аянтынан болгону 300 гектары калган, – дейт Аламүдүн районундагы Васильевка айыл аймагынын башчысы Капарбек Бакаев. Жер үлүшкө берилгенден кийин дыйкандар жүзүмдү карай албай, кууратып, чөп бастырып жиберишкен. Аламүдүн районундагы өнөр жай комплекси жүзүм өстүрүүнү кайрадан колго алып, 65 гектар жерге жүзүм көчөтүн эгишкен. Алар быйыл дагы 25 гектар жерге чет өлкөдөн алынып келген жүзүмдүн сортторун эгүүнү пландашууда. Жүзүмдүн түйшүгүнө чыдап өстүрсө, ал бат эле өзүн актайт. Бирок, түшүмдүүлүгүн арттыруу үчүн 5-6 жыл күтүүгө туура келет. Ошондуктан биз 2014-жылы 85 гектар жерге жүзүм көчөттөрүн отургуздук. Келечекте жүзүм аянтын 200 гектарга жеткирүүнү көздөп жатабыз. Мындан 6 жыл мурда отургузган көчөттөр түшүм бере баштады. Эми мындан ары түшүм дагы көбүрөөк алынат, – деп билдирет Өнөр жай комплексинин башкы агроному Кубат Байгулов. Чүй жергеси берекелүү жер, анда айыл чарба өсүмдүктөрүнүн бардык түрүн өстүрсө болот. Мындан ары жүзүм аянттарын кеңейтүүнү пландап жатабыз. Азыр айрым жергиликтүү инвесторлор жүзүм эгүү үчүн жер караштырып, шампан комбинатты кайрадан иштетүүгө бел байлоодобуз, – дейт Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Исаев. Анын билдиргенине караганда, буудай, арпа өсө турган сугат жерлерге эмес, ээн калган, таштак жерге өстүрсө да болот.
Бул жемишти өстүрүү менен өлкө экономикасына олуттуу киреше алып келүүгө болорун белгилешет дыйкандар. Дыйкандар демекчи, Жалал-Абад облусунун тургуну, өмүр бою дыйканчылык менен анын ичинде жүзүм өстүрүүгө басым жасап келе жаткан Кубат Ахматов: “Мурда жүзүмчүлүккө көп көңүл бурчу эмесмин, мындан ары жүзүмчүлүккө көп басым жасап, өстүрүүгө жакшы аракеттерди кылам. Жүзүм өстүрүү оңой көрүнгөнү менен түйшүгү бар. Чырмалышып бакка окшоп өсүп турса эле кээ бирөө жүзүм өстүрүү оңой деп ойлойт. Жүзүмдөн алган түшүмүбүз аз болсо да шире чыгарууга күнүмдүк керектөөгө Кыргызстандын аймагына гана тарап келсе, Өкмөттө Бажы биримдигине киргени жүзүмдөн шарап өндүрүү өнүктүрүлүп, экспорттолорун уккандан тарта жүзүмдүн аянтын дагы кеңейтүүнү чечтим. Учурда 15 гектар жерде өстүрүп жаткам. Ушул жылдан тартып 40 гектардан ашырайын деген оюм бар”, – дейт Кубат. Ошондой эле жүзүмдүн дарылык касиети бар экендигин дагы белгилейт. Айткандай, француз окумуштуулары жүзүмдүн айрым сорттору жүрөк оорусуна даба боло алат деген жыйынтыкка келишкен. Луис Пастер атындагы университетиндеги изилдөө жүзүмдүн ширесиндеги полифенол деген зат жүрөк ооруларын алдын алаарын далилдеген.
Айнура ШАЙКЕЕВА


Комментарий кошуу