Кыргызстанда кийим-кечек кымбаттайбы?
Кыргызстандын тигүү ишканаларынын көпчүлүгү келишимдерди доллар менен түзүшкөн. Бирок, тигүү иштерин сом менен баалашып, рубль менен сатып келишкен. Азыр рублдин куну качты. “Жеңил өнөр-жай” ассоциациясынын жетекчиси Фархад Төлөгөновдун айтымында ишкерлер азыр мурда түзүлгөн келишимдерди кайра карап чыгууга мажбур. Бул туурасында ал 16-январда билдирди.
Айтымында буга чейин закзчылар менен сатып алучулар курстук айрымадан пайда таап келишкен. Азыр курстук айрыма жок. Бирок Бажы биримдигине мүчө өлкөлөрдө жашоонун дэңгээли ар кандай. Кытай, Түркия сыяктуу кийим экспорттоо боюнча өнөктөштөр бааларды көтөрүп жиберишти,
Кыргызстандык продукцияга баалар мурдагы бойдон турат. Азыр бааларды көтөрүүнүн зарылдыгы бар.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарий кошуу