“Курманжан датка” – Оскарды алабы?
Америкалык ММК “Курманжан датка” кинофильмин “Оскар” сыйлыгына татыктуу атаандаштардын катарына киргизди. Анткени, ал чет тилинде тартылган кинолордун эң мыкты категориясына кирет. Быйыл “Оскар” сыйлыгына дүйнөнүн 83 өлкөсүнөн 83 фильм көрсөтүлгөн. Жакында тандоо комиссиясы 9 фильмдин тизмесин аныктайт. Булардын ичинен бешөө чет тилде тартылган фильмдер экендигин айта кетүүбүз абзел. Аталган тизме 2015-жылдын 15-январында жарыяланмакчы. Ошентип, “Курманжан датка” көркөм киносу улак тартышта “Оскарды” илип кетиши мүмкүн деген божомолдор бар.
Карбалас БАКИРОВ


Комментарий кошуу