КСДП фракциясынын депутаттары ЕККУэксперттери менен жолугушту
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин КСДП парламенттик фракциясынын лидери, фракция депутаттары Ирина Карамушкина, Токтогул Туманов 17-февралда Европа коопсуздук кызматташтык уюмунун (ЕККУ)Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросуна (ДИИУБ) мыйзамдык колдоо көрсөтүү департаментинин жетекчиси Эллис Томас баштаган эксперттери менен жолугушту.
ЕККУ ДИИУБнун Мыйзамдык колдоо көрсөтүү департаментинин жетекчиси Э.Томас баштаган эксперттик топту парламенттик башкаруу жолуна кадам таштаган Кыргызстандагы мыйзам жаратуу жол-жоболору кызыктырды.
Жолугушууда тараптар мыйзам долбоорун демилгелөө, аларды кароо маалында жарандык коомдун катышуусу, кортундуларды эске алуу сындуу маселелер талкууланды.
Ошону менен катар мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүн өркүндөтүү боюнча кеңири пикир алышуу болду.
КСДП фракциясынын катчылыгы

Комментарий кошуу