дарек1

  (Даректүү баян)

«Акыркы жылдары атамдын жаткан бейити мага такыр тынчтык бербей, ойго салып келет»,-дейт Базар-Коргон районундагы Талды-Булак айыл аймагына караштуу Ак-Тыт айылынын кадырман эмгек ардагери Курманалы Саралаев

  Жумушка жаңы эле келгенмин, уюлдук телефонум чырылдап калды. Карасам бейтааныш номур.

-Угуп жатамын,- дедим уюлдук телефонду кулагыма коюп.

-Бул менмин, айылдан Курманалы абаңмын, тааныдыңбы үкөм?-деди телефондун тигил башынан.

– Сизди тааныбай, үкөңүз өлө албай жүрүптүр дейсизби? Эл-журт тынчпы, жеңем, бала-чака, неберелериңиз жакшыбы?!- дедим үнүмдү шаңдуу, бийик чыгарып.

-Кудайга шүгүр, баары жакшы, калайык-калк, тууган-уруктардын баары тынч, жакшы жатышат үкөм. Сага чалганымдын жөнү бар, кенен-кесири жолугуп, анан бир маселе боюнча өзүң менен акылдашсам деген элем. Барсам убактың болоор бекен?- деди Курманалы абам.

– Каалаган күнү келе бериңиз, Сиздин келишиңиз мен үчүн  улуу майрам болот эмеспи!- дедим абамдын көңүлүн ансайын көтөрүп.

-Оп балли иним, баракелде жылуу сөзүңө. Кудай  буйруп, насип кылса бир күнү алдыңа барып калаармын,-деди абам Курманалы. Арадан бир жума өтпөй  абам ишиме карпа-күрпө кирип келип калды.

*       *       *

-«Атам өлсө өлсүн, атамды көргөн өлбөсүн» деген накыл элдик сөз  калк оозунда тек жеринен айтылбайт турбайбы, иним. Мен эми гана 3 жашка чыкканда атам Эгембердиев Сарала көз жумуп, оо дүйнө салыптыр. Атамдын кандай адам болгондугун апамдын айтып бергендеринен, атамдын достору менен тели-теңтуштарынын эскерүүлөрүнөн гана билим калдым. «Кагылайын балам!» деп атам там-туң баскан мени миң ирет эзилип эркелеткендир. Ырасын айтсам ал менин эсимде калбаптыр. Чырпыктай кезим болсо, кайдагы эс-акыл, эстутум дейсиң. Чынын айтсам атамдын өңү-түсү, кулк-мүнөзү менен турган турпаты жадымда деле жок. Керемет жана касиеттүү  ата жытын дагы искебей, жада калса  ага толук  канбай калгандыгыма азырга чейин аябай кейиймин, -деди көзүнө жаш алып, терең үшкүрүнгөн Курманалы абам. Бир кезде бир топ эле жаш жана кайраттуу көрүнгөн абам азыр бир ааз карылыкка алдырып, жетимиштин кырынан ашып калыптыр.

Бир топ тынчтыкка баткан тунжуроодон соң Курманалы абам атасы Сарала Эгембердиев жөнүндөгү армандуу баянын мындайча улантты.

– Менин атам Сарала Эгембердиев 1883-жылы Каба айылында тайакелеринин журтунда жарык дүйнөгө келиптир. 1932-жылдары азыркы Бешик-Жон айыл аймагындагы Карл Маркс атындагы колхозду түптөштүрүп курууга жан оту менен киришкен экен. Кийинчерээк ал XXII партсьезд колхозу болуп кайра аталган. Ата-энем Сарала менен  Суксур экөө үч уулду Ыдырыс, Акпаралы, Курманалы, беш кызды—Башарат, Үрүлка, Нурбү, Уулжан менен Бурманы тарбиялап өстүрүшкөн. Коллективдештирүү, колхоздоштуруу иштерине алгачкылардан активдүү аралашып, аракетчилдиги жана күжүрмөндүүлүгү үчүн коммунисттик партиянын катарына кабыл алынган.

Атамды жакшы билгендердин айткандарына караганда колхоздун ишин илгерилетүү, элдин жашоо турмушун оңдоп жакшыртууга катуу белсенип киришип, колунан келген бардык иштерди аткарыптыр. Айтканынан кайтпаган өжөр, бирок адилеттүү, кара кылды как жарган калыс инсан болгон дешет. Айрыкча 1930-жылдагы элибиздин башына түшкөн апаат ачарчылык каптаган жылдары эл-журтту аман сактап калууда атамдын эмгеги опол тоодой болгондугун айылдаштары менен аны билгендер көп жылдар бою аңыз сөз кылып, айтып  жүрүштү.

Ошол жылдары Казакстандан кулак катары репрессияга кабылган, ондогон казак боордоштор үй-бүлөлөрү менен биздин Каба айылына  көчүп келишкен экен. «Ырыс алды—ынтымак» дегендей кыргыздар менен өзбектер, казактар жана башка улуттардын өкүлдөрү ошол кыйынчылык жылдары боордоштук менен биримдикти көрсөтүшүп, апаат ачарчылык жылдарынан дагы ийгиликтүү чыгып кетишет. Бирок, ачарчылык көптөгөн  адамдардын, ал түгүл үй-бүлөлөрдүн өмүрүн кыйып кеткендигин унутууга болбойт.

Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында атам Сарала Эгембердиев колхоздун активи катары  элдин башын бириктирип, Жеңишти алып келүүгө болгон күч-кубатын, ден соолугун аябай жумшап эмгектенди. «Бардыгы фронт үчүн, бардыгы Жеңиш үчүн!» деген  чакырыктын алдында күн-түн дебей, ысык-суук дебей, жайын-кышын дебей Советтик жоокерлерге азык-түлүктөрдү, кийим-кечектерди тынбай  жөнөтүп турушту. Элдин патриоттук духу менен  деми күчтүү болгон экен. Өздөрү карандай атала ичип калышса дагы баарын фронтко, Советтик жоокерлерге жөнөтүп турушту. Атамдын жашы бир топ улгайып калгандыктан аскерге чакырылган эмес. Ондогон энелерибиз менен аталарыбыз Советтик танкаларды курууга эмгек маяналарынан жыйнаган акчаларын  заводдорго жөнөтүп турушту. Алардын катарында менин  атам, ооруктун ардагери Сарала Эгембердиевдин болгондугуна мен азыр дагы терең сыймыктанамын.

Атам Улуу Жеңишти көрүп калды.  Арадан бир жыл өткөндөн кийин, болгону 63 жашында, 1946-жылы 16-мартта каза болот.  Атамдын сөөгү Арстанбап айыл  аймагына караштуу Жай-Терек токойчулук бөлүмүнө караштуу Чаңдак айылындагы Желпилдек мазарына коюлган. Ал мазарды  эл кээде Коңурбай ажы  мазары  деп дагы коюшат. Анткени Коңурбай ажы  деген адамдын сөөгү дагы ушул бейитке коюлган дешет. Жалпысынан Желпилдек, же Коңурбай ажы мазарына 150дөн ашуун инсандардын сөөктөрү коюлуптур. Ачарчылык жылдары Казакстандан ооп келишкен Султанкан деген баш болуп, онго жакын казак туугандардын дагы сөөктөрү эли-журтуна жеткирилбей, ушул жерге коюлуптур.

Менин сага айтайын дегеним үкөм, атам Сарала Эгембердиевдин сөөгү жаткан ушул Желпилдек мазары акыркы жылдары жакшы каралбай, айланасы тосулбагандыктан мал-жылкы, кой-эчкилер аралап, булгап жүрүшөт. Бул деген  кудайга дагы жакпаган иш эмеспи. Маркумдар жаткан мазарлар тээ илгертен эле кастарланып корголуп келбеди беле? «Өлгөндүн үстүнө көмгөн болуп» Каба дарыясынын суусу мазардын бир жак капшытын жууп, ала баштады.  Айрым көргөндөр адамдын колдору менен буттарынын сөөктөрү агарып, мазардын жака белинен көрүнүп калыптыр деп дагы жүрүшөт. Жүз элүү маркумдун сөөктөрүн кор кылбай, алардын арбактарын сыйлап карабасак, анда пендечилигибиз, адамгерчилигибиз кайсыл? Же тура эмес айтып жатамынбы, үкөм? Ооруктун ардагери атам Сарала Эгембердиевдин уул-кыздарынан тарагандардын өзү эле 200дөн ашып кетиптир. Атамдын уул-кыздарынын эң кенжеси,  өзүмдүн эле 4 уул, 4 кызым жана 20дан ашуун неберелерим бар.

Эми сага ыймандай болгон сырымды айтайын, үкөм. Арстанбап айылдык кеңешинин депутаттарына ушул Желпилдек мазарына коюлган инсандардын урпактары атайын арыз менен кайрылсак деп жатабыз. Мазардын айланасын өз күчүбүз менен тосуп, ичине бак-дарактарды олтургузуп, жаан-чачындан коргой турган жай куруп, маркумдарга атап куран окутуп турсак жаман болбос эле, ушуга сенин оюң кандай үкөм?- деп абам мага суроолуу карады.

-Ата бейитин ардак тутуп, кастарлаган Сизге рахмат, аба. Маркумдар жаткан мазарды кор тутпай коргоо тирүү жүргөн пенделердин инсандык гана парзы болбостон ал мыйзам менен корголот. Сиз баш болуп, ошол жерге ата-бабалары коюлган инсандардын урпактары төш болуп, жергиликтүү өз алдынча башкаруу бийлигине кайрылсаңыздар, алар маселени оң жагына чечип берүүгө милдеттүү. Бул ишти Арстанбап айыл аймагынын башчысы менен айылдык кеңештин депутаттары оң жагына чечип берүүлөрү керек. Адамдардын сөөктөрү коюлган мүрзөлөрдү кароосуз корлоп таштап салуу жараткан Теңирдин алдындагы улуу күнөө экендигин ар бир пенде сезгенибиз оң го,- дедим абамдын асыл ой-максаттарын чын дилимден колдоп.

Айылдан келген абам Курманалы экөөбүз чайканада кыйла божурашып, өткөн-кеткендерден кеп куруп, бир кыйла чечилип, сүйлөшүп олтурдук. Коштошоордо абам атасынын сөөгү жаткан Желпилдек мазарын өз күчү менен камкордукка алаарын, айланасын мал өтпөй тургандай кылып тосуп, ичине ар кандай мөмө-жемиш берүүчү бак-дарактарын олтургузаарын ортого салды.

*   *   *

Карааны улам алыстап, узап бараткан абамды карап: «Ар дайым бар болуңуз, атанын чыныгы баласы!» деп ичимден күбүрөнүп, жумушума карай илкий жол тарттым. Айылыма болгон кусалыгым артып, көз алдыма Бабаш-Ата тоосунун алдындагы кутман айылым—Жедигердин элеси тартылды…

     Жолдошбай ОСМОНОВ, Жалал-Абад шаары