кодекс

Президенттин басма сөз кызматы өлкө башчы Алмазбек Атамбаев «Чет өлкөлөрдөгү алименттерди өндүрүп алуу жөнүндө 1956-жылдын 20-июнундагы Конвенцияга кошулуу тууралуу» КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» кол койгонун билдирди. Мыйзам КР Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 10-декабрында кабыл алынган. Аталган мыйзамдын 3-беренесине киргизилген түзөтүүлөргө ылайык, ушул Конвенцияны ишке ашыруу боюнча жооптуу орган катары КР Жогорку сотуна караштуу Сот департаментти аныкталды. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Мээрим БАКТЫБЕКОВА