Коррупция экономикага миллиард сомдон ашык зыян келтирген
2014-жылы паракорчулук экономикага 1 миллиард сомдон ашык зыян келтирген. Бул тууралуу өкмөттүн “Кыргызстандын өкмөтүнүн ишинин жыйынтыгы” деп аталган документте айтылат. 1 261 466 000 сомдун 4 миллионго жакыны гана мамлекетке кайтарылган. Коррупцияга байланыштуу 506 иш соттук териштирүүгө жөнөтүлгөн.Жалпысынан коррупция боюнча 1268 кылмыш иши козголгон.
Мээрим БАКТЫБЕКОВА


Комментарий кошуу