Комитеттин төрагасы Каныбек Осмоналиев: ”ЖОЖдорду оптималдаштыруу маселесине кылдат мамиле жасоо керек”
Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин жыйынында Баткен мамлекеттик университетинин Кызыл-Кыя гуманитардык педагогикалык институтунун, Кызыл-Кыя экономика, укук жана технология институтунун профессордук-окутуучулук курамынын жана студенттердин ата-энелеринин кайрылуулары каралды. Бул маселеге байланыштуу, депутаттардын сунушу менен ушундай эле маселеге үндөш борбор калаадагы Дипломатиялык академиянын жана Социалдык өнүктүрүү жана ишкердик институтунун маселелери чогу талкууланды. Алгач аталган окуу жайлардын жетекчилери КР Өкмөтүнүн “Кыргыз республикасындагы натыйжасыз иштеген окуу жайларды аныктоо жөнүндөгү” токтомунун долбооруна ылайык, өздөрү жетектеген мекемелердин натыйжасыз окуу жайлардын тизмесине кирип калгандыгына каршы өздөрүнүн жүйөлөөрү менен тааныштырышты. Аталган токтом долбоорунда тизмеге кирген окуу жайлардын жетекчилерине 3 айдын ичинде Билим берүү жана илим министрлигине аларды кесиптик орто билим берүү уюмдарга өзгөртүп кайра түзүү боюнча сунуш берүү милдеттендирилген.
Ал эми Баткен облусунда жайгашкан ЖОЖдордун жетекчилери аталган долбоорго каршы пикирлерин чек арага тийиштүү бул облустагы ички миграция агымы көбөйө тургандыгы, мектептерде мугалимдин жетишпестиги күчөй тургандыгы менен түшүндүрүштү. Депутат Карамат Орозова мындай жүйөөлөрдү колдоп, 1000 км.алыстыкта жайгашкан Баткенге борбордук ЖОЖдордон ар тармактагы адистердин барып иштешпей тургандыгын айтты. Комитет төрагасы Каныбек Осмоналиев жогорку окуу жайларды оптималдаштыруу маселесине олутту мамиле зарылдыгына токтолду. Ал Германия, Эстониянын окуу жайлары эмнеси менен айырмаланарын мисалга алып, мамлекет өз саясатын Өкмөт аркылуу бардык жерде бирдей жүргүзүшү керектигин белгиледи. Талкуунун жүрүшүндө, депутат Р.Акназарова Баткен ЖОЖдорун бүтүргөндөрдүн орто эсеп менен 60%ы иш менен касыз болорун тактап, ар бир региондун өзгөчөлүлүнө жараша факультеттерди калтыруу керектигин айтып, Өкмөттүн токтом долбоорун кайра кароону сунуштады.
ЖОЖдорду оптималдаштыруу маселесинде санына эмес сапатына көңүл буруу зарылдыгын белгилеген парламенттин вице-спикери Б.Мамырова үч чоң багытты камтыган Кызыл-Кыя экономика, укук жана технология институту кандай сапаттуу билим бере алат деген маселени койду. Контракттык каражатка карап эле ЖОЖдорду ача берүү туура эмес деген Б.Мамырова: “Аткаруу бийлиги чоң ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүнө аймактарга барып иштөөсүнө шарт түзүү зарыл “-дейт.
КРнын Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева токтом долбоору ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, алар тарабынан иштелип чыккандыгына токтолуп, реформалоодо каралган критерийлерди тизмектеп, алар чоң окуу жайлар менен макулдашылгандыгын билдирди.
Комитет төрагасы К.Осмоналиев ЖОЖдорду оптималдаштыруудагы критерийлер бардык окуу жайлардан макулдашуудан өтүшү керектигин баса белгиледи. КР Өкмөтү тарабынан сунушталып жаткан токтом долбоору дагы бышыкталышы керек деген К.Осмоналиев ЖОЖдорду оптималдаштыруу кылдат каралышын, ал үчүн убакыт берүүнү сунуштоо менен министрликке жардамдашуу керектигин кошумчалады.Ошону менен катар чет өлкөдөгү ЖОЖдордон которулуп келип жаткан студенттердин Кыргызстандагы ЖОЖдорго кабыл алынбай жатышы туура эместиги белгиленип, министрликке көтөрүлүп жаткан көйгөй боюнча тапшырма берилди.
Ошондой эле комитет мүчөлөрү КР Дипломатиялык академиясын Президенттин алдындагы Башкаруу академиясына кошуу жана Социалдык өнүктүрүү, ишкердик институтун натыйжасыз деп табууга каршы пикирлерин ортого салышты –деп Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалымдады.
Айзада ДҮШӨНБАЕВА


Комментарий кошуу