китепкана1

Жаңы китептин бет ачаары. Кыргыз эли: Ой толгоолор, сунуштар, пикирлер, акыл-насааттар. – Б: -2010, Автор Дөөлөт Нусупов.

2014-жыл Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылына карата Бишкек шаардык борборлоштурулган китепкана тармагынын №15 Тоголок Молдо атындагы китепкананын окуу бөлүмүндө адабий иш-чара болуп өттү.

Бул китепте Кыргыз элинин улуттук каада-салты, Манасы, тили, байыркылыгы, учурдагы абалы, кемчилиги, жетишкендиктери, келечеги, руханий ой түшүнүгү, дүйнөлүк денгээлдеги коомдук – саясий, экономикалык кырдаалга карата ой жүгүртүүлөр өңдүү көптөгөн көйгөйлүү маселелер камтылган.

Иш-чарага Махмуд Кашгари атындагы Чыгыш университетинин журналистика факультетинин 1-2-курстун студенттери катышты.

Жаштар, автор менен жолугушуу өткөрүп, маанилүү суроолорду узатышты, алсак саясат, экономика, диний боюнча, кеңири жооп алышып, кызыктуу, маек болду. Китеп – жан дүйнө.

Белгилей кетчү нерсе, кыргыздан чыккан биринчи сабаттуу акын Тоголок Молдо атындагы №15 китепканада, жылда мамлекеттик жана улуттук программаларды жүзөгө ашыруу максатында маданий-массалык иш-чаралар өтүп турат.

Гүлнара КУБАКЕЕВА, №15 китепкана башчысы