Бишкекте каза тапкан мигранттар жана кулчулукка туш болгондорго арналган флешмобдо абага шарлар учурулду
Бишкек шаарында бүгүн, 18-декабрда курман болгон кыргызстандык мигранттарды эскерүү флешмобу болуп өттү. Иш-чаранын алкагында чет өлкөдө иштеп жүрүп каза таап жана кулчулукка туш болгон жарандардын урматына абага ак жана кызыл түстөгү 650 аба шары коё берилди. Ак түстөгү 404 шар каза тапкан мигранттарды эскерүү максатында, ал эми 246 кызыл шар кулчулукка түшкөндөр үчүн асманга учурулду.
“Бүгүн Эл аралык мигранттар күнү. Биздин өлкөбүздө миграциянын ар бир үй-бүлөгө тиешеси бар, себеби ар бирибиздин жакындарыбыз жакшы жашоо издөө үчүн чет жакка кетүүдө. Бирөөнө бул нерсе пайда алып келсе, бирөөнө зыян алып келүүдө. Анткени ал жакка кеткен мигранттарыбыздын басымдуу бөлүгү ден соолугунан ажыроодо. Анын үстүнө мигранттардын көбү балдарын таштап кетүүдө, айрымдары улгайган ата-энелерине таштаса, кошуналарына таштагандар да бар. Айта кетчү нерсе, 2013-2014-жылдар аралыгында кыргызстандык 404 мигрант каза тапкан. Ал эми аман-эсен кайтып келгендер көптөгөн ооруларга чалдыгып калууда. Анын үстүнө чет жакка кеткен мигранттардын көбү тааныш-билиш аркылуу кетүүдө. Бул нерсе кийин бир катар көйгөйлөрдү жаратууда. Алар полицияга түшүшөт, эч кандай тиешелүү документтери жок, жасалмаларды алып дагы башка көйгөйлөргө дуушар болууда. Ал эми, атайын тиешелүү мекемелерге кайрылып алдын алып, юрист жана адистер менен кеңешип кеткендер аз кездешет”, дейт иш-чаранын уюштуруучуларынын бири “Коомдук коммуникациялар институт” коомдук фондунун жетекчиси Венера Жунусова.
Коомдук фонддун жетекчисинин айтымына караганда, мигранттардын кулчулукка түшүп калуунун себеби, алардын өзүнө болгон жоопкерчиликсиз мамиле. Эгерде алар тийиштүү мекемелерге кайрылып, баардык документтерди топтоп анан кетишсе, мындай көйгөйлөр жаралмак эмес. Алардын чет жакка кетээрде жалгыз көйгөйү болуп билетке акча табуу жана биринчи ай кантип жашайм деген суроо менен гана алек. Иш-чара бейөкмөт уюмдар, волонтерлор жана студенттер менен биргеликте өткөрүлдү.
Булак: super.kg


Leave a Reply