Кесиптик майрамга карата иш-чара өттү
19-февраль Экономикалык кылмыш менен күрөшүү мамлекеттик кызматкерлердин кесиптик майрамына карата спорттук иш-чаралар өткөрүлө баштады. Иш-чарага бул тармактын ыкчам-иликтөө жана штабдык бөлүктөрүнүн кызматкерлери катышты. Уюштуруучулардын айтымында, мындай спорттук иш-чараларды өткөрүү менен кесиптештер арасында чогуу иштешүүнү, мамилесин бекемдөөнү өздөштүрсө болот. Оюнга Чүй, Ысык-Көл, Талас облустарында иштеген кызматкерлер да чакырылып, жалпы 8 тайпа мелдешке катышты.
Мээрим БАКТЫБЕКОВА


Комментарий кошуу