Өкмөт: мейманды татыктуу тособуз
Кыргызстанда өтө турган КМШ мамлекет башчыларынын жана Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин кезектеги жыйындарын өткөрүүгө даярдык көрүү боюнча түзүлгөн уюштуруу комитетинин биринчи жыйыны өттү. Президенттин Буйругу менен 2016-жылга белгиленген иш-чараларды уюштурууну көзөмөлгө ала турган уюштуруу тобу түзүлүп, төрагалыгына Тайырбек Сарпашев дайындалган. Жыйында ушул жылдын 1-мартына чейин иш-чаралардын профилдик багыттарын иштеп чыга турган төрт топ түзүлдү. Маанилүү иш-чараны өткөрүүгө даярдык алкагында Бишкек-аэропорт “Манас” жолун жана Бишкектин ички жолдорун реконструкциялоо пландалууда.
Мээрим БАКТЫБЕКОВА


Комментарий кошуу