лаврова                                             

Каржы министри Ольга Лаврованын берген маалыматына караганда, жаңы республикалык бюджеттин чыгашаларынын жалпы көлөмү биринчи окууда белгиленген деӊгээлде – 117 386,0 млн. сом көлөмүндө калды. Операциялык чыгымдарды, каржылык жана каржылык эмес активдерди камтыган республикалык бюджеттин чыгашалары 2015-жылы 136 239,7 млн. сомду түзөт. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын тейлөөгө 2015-жылы 15 661,1 млн. сом, 2016-жылы 20 115,9 млн. сом, 2017-жылы 19 262,5 млн. сом багыттоо пландаштырылууда. 2015-жылга республикалык бюджеттин тартыштыгы 14 683,3 млн. сомду, мунун өзү ИДПга карата 3,3 пайызды түзөт. Бюджеттин тартыштыгын жабууга 2015-жылы 14 683, 3 млн. сом суммадагы каржылоо булактары каралып, алар негизинен 28 878,8 млн. сом суммадагы тышкы булактардын жана 14 195,5 млн. сом гана ички булактардын эсебинен жабылат.

Мээрим БАКТЫБЕКОВА