калпак

Кытайлар кыргыз калпагын синтепондон жасап жатышат.
Ак калпак кыргыздардын улуттук баш кийими, өзгөчө орун ээлеген, элибиздин эзелтеден  ак калпагын башынан түшүрбөй кийип, мамлекетке, мейли, үйүбүзгө келген коноктун башына ак калпак кийгизип узатуу салтка айланган. Акыркы кездерде кыргыздын уздары жасаган калпак азайып, синтетикадан Кытайда тигилген калпактар каптап кетти. Бишкекте кийиз калпак 400-2000 сомго, синтепон калпак 80-150 сомго чейин. Жүндөн жасалган калпак кышы жылуу, жайы салкын. Кооздук үчүн гана кийбестен, медициналык жактан да пайдалуу. Колдо жасалган кийиз сапаты эң мыкты, мисалы, бир калпакты 5-6 жыл кийсе болот.

Айнура Шайкеева