нарын

   -Биз баарыбыз коомдо укук бузуу болбосо дейбиз. Бирок эмне үчүн андай болбой жатат? Себептери көп. Мисалы мыйзам боюнча коомдук алдын алуу борборлорун (КААБ) айыл өкмөттөр жетектеш керек. Бирок иш жүзүндө андай эмес. Аны формалдуу аймактык тескөөчү жетектейт. Анткени милиция буйрукка баш иет. Айыл өкмөттөрдө андай буйрук жок. Ошондуктан КААБда бир жылдык иш план жок. Болбосо КААБ деген бул эртеңки келечек. Биз улуттун баалуулугу менен иш кылсак эле тартип болмок. Ошон үчүн мен эч кандай айлык албай, коомдук иш аткарып жаткан КААБ мүчөлөрүнө гана ыраазычылык айтмакчымын,-деген пикирин билдирди Нарын шаарындагы «Нуржолбер» коомдук бирикмесинин лидери Сүйүн Жумалиева айым.

Мындай кинеге айрым айыл өкмөт башчылары макул эмес.

-Албетте айыл өкмөттөргө карата ар кандай сөздөр айтылып келет. Мен айтаар элем, эгер иштеймин деген айыл өкмөттө 24 саат жумуш бар деп. КААБдарга жардам берчү айыл өкмөттөр ар дайым колдон келген жардамдарын берип келген жана бере берет,-деди Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Темирболот Абыкеев мырза. Ал эми Нарын районунун Достук айыл аймагынын аксакалдар сотунун төрайымы Рая Жумалиева өздөрү караган иштин чечими менен чыгарылган айыптарды кайда жумшаарын билбестигин билдирди.

-Биз салган айыптарды айыл өкмөткө беребизби же кайда берибиз, акчалар Жободо так жазылбаптыр,-дейт Р.Жумалиева апа.

Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу