Экономиканы өнүктүрүү боюнча мамфонд насыялар боюнча ири карыздары бар мекемелерди атады
КРнын каржы министрлигинин экономиканы өнүктүрүү боюнча мамлекеттик фонду Tazabek’ке бүгүнкү күндө ири өлчөмдөгү насыяларды, зайымдарды жана ссудаларды алууга келишимдердин зайымчылар тарабынан аткарылбашы боюнча соттук иштердин тизмегин берди.
Азыркы тапта ири карыздары барлардын соттук иштери 198 млн 59 миң сомго 296 материал боюнча жүрүп жатат.
Анын ичинде 7 соттук процесс жалпы 191 млн 670 миң сомго.
Булар:
– КРнын энергетика жана өнөр жай министрлиги – 85 млн сом;
– «Максат» ЖЧК – 30 млн 224 миң сом;
– «Айдан-фарма» ААК – 28 млн 643 миң сом;
– «МИС» ААК – 22 млн 310 миң сом;
– «Чалдовар-Суу» – 15 млн 994 миң сом;
– КР өкмөтүнө караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду – 5 млн сом;
– «Чыгышэлектр» ААК – 4 млн 499 миң сом.


Комментарий кошуу