Дыйкандардын күрөөгө коюп, насыясын төлөй албаганда банктардын менчигине өткөн жерлерин банктар 3 жылдын ичинде сатуу мөөнөтүн 2 жылга түшүрүү сунушталууда
Бүгүн, 10-декабрда Жогорку Кеңеш жыйынында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору (“Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө” мыйзамдарга)экинчи окууда каралды. Буга байланыштуу “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору (Жер кодексине, “Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө”, “Мамлекеттик кызмат жөнүндө”, “Муниципалдык кызмат жөнүндө”, “Күрөө жөнүндө” мыйзамдарга)дагы 2-окууда бир пакетте талкууланды. Мыйзам долбоорлорунун демилгечиси Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдады.
Жыйындын жүрүшүндө мыйзам долбоорлорундагы насыясын төлөй албай калгандардын күрөөгө коюлган жерлер банктардын менчигине өтүп, ал жерлерди банктар 3 жылдын ичинде сата турган мөөнөтүн 2 жылга түшүрүү сунушу кыйла талкууну жаратты. Демилгечи депутат Кожобек Рыспаев 3 жыл ичинде жер тилкесине төлөнүүчү төлөмдөр токтоп калаарын айтса, салыктан аксап калаарыбызды белгиледи. Буга 2 жылдык эле мөөнөт туура дейт. Депутаттар Элмира Жумалиева, Абдумуталип Кочкорбаевдин айтымында, бул жерде насыя алгандардын кызыкчылыгына каршы келет, 3 жылдык мөөнөт дыйкандын алган насыясынан кутулууга мүмкүнчүлүк болсун деген ниетте киргизилген. Юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов 2 жылдык мөөнөт туура экенин айтып, бул жерде банктар менчигине өткөндөн кийин жерлерди көпкө кармабай аны сатышын шарттаган, жерлердин салыгынан мамлекетке пайда түшүүсүнө багытталгандыгын ачыктады.
Ошону менен бирге, мыйзам долбоорунда жер участокторун убактылуу пайдалануунун жаңы мөөнөттөрүн белгилөө каралган. Кайракы жерлер 49 жылга чейин ижарага берүү калтырылаары такталууда. Ал эми айыл чарба багытындагы жерлер Айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондунан 5 жылга ижарага берилери, бул мөөнөттөр бүткөндөн кийин тараптардын макулдашуусу боюнча жер участогун пайдалануунун мөөнөтү узартылышы мүмкүндүгү белгиленген.
“Мындай түзөтүүлөр келечекте азык-түлүк коопсуздугун алдын алуу үчүн сугат жерлерди сактап калуу жана чар-жайыт эле жаңы конуштардын салынышын чектөө максатында киргизилип жатат”,- дейт демилгечи.
Соңунда мыйзам долбоорун 2-окууда добуш берүүгө жиберилди.


Комментарий кошуу