Абдыжапар Бекматов:«Биометрикалык маалыматтарды жыйноо – шайлоо өнөктүгүндө эле эмес, башка багыттар үчүн дагы натыйжалуу ыкма»
Биомерикалык маалыматтарды каттоого алуу боюнча демилге көтөрүп, тиешелүү мыйзам долбоорун сунуштаган депутаттардын бири Абдыжапар Бекматов. Ал «Парламент» радиосунун түз эфиринде болуп, -«Чек арадан мыйзымсыз өтүп кеткен учурларда, авиакырсыктар орун алганда ДНКны аныктоо үчүн бир топ чыгымдарды тартпас үчүн биометрикалык маалыматарды чогултуп койсок, ишке кыйла жеңил болмок. Бул адам укуктарын бузгандын ордуна, алардын укуктарын коргоого гана жардам берет. Эң негизгиси социалдык колдоолорду көрсөтүүдө, шайлоонун ачык-айрымдыгын камсыздоодо –биометрикалык каттоонун ролу чоң»,- дейт.
Ошондой эле эл өкүлү Молдовада өткөн парламенттик шайлоо жүрүмдөрүнө баам салып, байкоочу катары катышып келгендигин да айтып берди.
Парламентарийдин маалымдашынча, Молдовада 101 депутат бар. Аларда президентти парламент шайлайт. Шайлоо өнөктүгүндөгү өзгөчөлүк – Молдовада саясый партиялар гана эмес, жеке адамдар дагы өз талапкерлигин коё алышкандыгында. Шайлоо босогосу болсо ал жакта 6-12%га чейинки ченемди түзөт.
Депутат ошондой, 10-декабрь – Адам укуктарын коргоонун эл аралык күнүнө карата да Кыргызстанда аткарылып жаткан натыйжалуу иш аракеттер тууралуу да кеңири маалымат берди деп билдирет Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.


Комментарий кошуу