Депутат Т.Бакир уулу министр А.Максүтовго кыргыз тасмаларынын сапатын жана өткөрүлүп жаткан кастингдерди көзөмөлдөөнү тапшырды
Тасмалардын сапатына көзөмөлдү көчөтүү керек, деп белгилеген эл өкүлү кыргыз тасмасынын маңызы боюнча Түркияда болгон окуяны мисал келтирди.
«Бир ирет Түркияга барганда кыргыз тасма болуп жатат деп чакырышканда мен дагы тасманы көрүү үчүн алар менен кошо барып отургам. Бир кезде күйөөсү башка жакка кеткен аялды боз үйдүн жанында башка эркек баса калды», – деди Т.Бакир уулу.
Ошондой эле, тасмаларга тартылуучу актерлорду тандоодо өткөрүлүп жаткан кастингдерди да көзөмөлгө алуу керек, деп белгиледи эл өкүлү.
«Кастингдер да өткөрүлүп жатат. Аны көзөмөлдөгөн эч ким жок. Акча да талап кылышат экен, жаш кыздардан да башка нерселер талап кылынат экен. Кастинг өткөрөбүз деп Казакстандан бери келишет экен», – деди Т.Бакир уулу.


Комментарий кошуу