пляж

Мындай пикирин бүгүн, 29-январда Жогорку Кеңештин “Ар түрдүү маселелер” саатында депутат Данияр Тербишалиев билдирди. Эл өкүлүнүн маалымат боюнча буга чейин дагы көл жээгиндеги пляждар тосмолонуп, элге тыюу салынып, жергиликтүү тургундар менен көл жээгинде жайгашкан пансионаттардын ээлинин ортосунда пикир келишпестиктер келип чыккан. Депутат бир катар чет өлкөлөрдү тизмектеп, ал жактагы көлдөрдөгү пляждар акысыз, эч кандай тосмолору жок эле иштээрин маалымдады. Пляждардагы коомдук тартипти сактоого жергиликтүү жашоочулар дагы көмөктөшөөрүн айткан Д.Тербишалиев коюлган тосмолорду алуу боюнча тиешелүү органдарга тапшырма берип, маалымат алуу зарылдыгын кошумчалады. Мындан сырткары, буга байланышуу ченемдик укуктук акты даярдай тургандыгын айтты.

Мээрим БАКТЫБЕКОВА