Борбордо мас абалда интернет клубдун эмеректерин талкалаган кыз кармалды
Бишкек шаарындагы Чыгыш-5 кичи районунда жайгашкан интернет клубдардын биринде мас абалда интернет клубдун эмеректерин талкалаган кыз кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Б.Кисан аттуу жаран кайрылган. Анда ал кечээ, саат 12:00дөр чамасында мас абалдагы бир белгисиз кыз интернет клубдун ичине кирип, эмеректерин жана компьютерлерди талкалаганын айткан. Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында, ошол эле райондон бейбаштык кылган 22 жаштагы А.Амина аттуу кыз кармалды. Учурда бул иш боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.
Булак: super.kg


Комментарий кошуу