Бишкектин Ак-Босого жана Көлмө конуштарындагы батирлерди тоноо боюнча 15 фактыга катыштыгы бар уурулар кармалды
Бишкектин Ак-Босого жана Көлмө жаңы конуштарындагы батирлерди тоноо боюнча 15 фактыга катыштыгы бар уурулар кармалгандыгын 17-декабда Бишкектеги маалымат жыйында 1-май РИИБдин кылмыш издөө бөлүмүнүн жетекчиси Нурмат Давлетов билдирди.
«Акыркы учурларда Ак-Босого жана Көлмө жаңы конуштарындагы батирлерди тоноолор көп катталган. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кызматкерлер бул кылмыштарга шектелген Эрлан Сатов менен Айбек Алимхан уулун кармашты. Экөө тең Чүй облусунун тургундары. Азыркы учурда алардын Ак-Босого жана Көлмө жаңы конуштарындагы батирлерди тоноо боюнча 15 фактыга катыштыгы бар экендиги аныкталды», – деди Давлетов.
Булак : Баракелде


Leave a Reply