айтматов1

Бишкектеги Борбордук Азиядагы Америка университетинин студенттери 12-декабрь – Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата 8-декабрдан 12-декабрга чейин залкар жазуучунун жумалыгын уюштурушту. Бул тууралуу бүгүн, 10-декабрда аталган окуу жайдан билдиришти.Маалыматка ылайык, аталган жумалыктын негизги максаты – Чыңгыз Айтматовдун өмүр баяны жана чыгармачылыгы тууралуу студенттердин билимин жогорулатуу, жазуучуга таандык чыгармаларды жана анын дүйнөлүк адабиятка кошкон зор салымын даңазалоо.

Иш-чаранын алкагында окуу жайда Чыңгыз Айтматовдун өмүр таржымалы жана чыгармалары тууралуу көргөзмө, “Эрте келген турналар” тасмасы көрсөтүлүүдө. Ошондой эле Б.Кыдыкеева атындагы Кыргызстан жаш көрүүчүлөр театрынын актёрлорунун катышуусунда “12-күн” спектаклинин көрсөтүлүшү да күтүлүүдө.

Булак: super.kg