Биринчи вице-премьер Т.Сарпашев: Биометрикалык маалыматтарды чогултуу тарыхта калат
Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев бүгүн, 12-ноябрда аймактарда биометрикалык маалыматтарды чогултуу боюнча өкмөттүн отурумунан кийин АКИpress агенттигинин суроолоруна жооп берди.
– Мамлекеттик кызматтарды алуу үчүн жаранга биометрикалык маалыматтарын тапшыргандыгын тастыктаган тактама керекпи?
– Биз чогултууну жаңы гана баштадык. Азыр аймактар боюнча өзгөчө талаптар жок. Бирок баары маалsматтарын тапшырууга милдеттүү. Жарандарга ыңгайлуу болушу үчүн пенсияларды алууда өзүлөрүнүн биометрикалык маалыматтарын тапшырышат.
Шаарда бул маселе татаалырак. Шаар чоң. Шайлоочулардын тизмесин даярдоо көчөлөрдүн аталыштарын тактоо керек. Шаардагы адамдар инерттүү? ошондуктан бул чыгармачыл процесс. Мамкаттоо кызматкерлери кыймылсыз мүлктү, транспорт каражаттарын каттоо үчүн белгилүү шарттарды жылдырып жатат.
Мен бардык жарандарды чакырам, бул биринчи кезекте биздин мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө керек. Бул маалыматтар мамлекет үчүн, өзүбүз үчүн жана таза ачык шайлоолор үчүн ошондой эле мамлекеттик коопсуздугу үчүн керек. Ошондуктан айрым чектөөлөр бар. Мен аларга биздин жарандар түшүнүү менен мамиле жасайт деп ишенем.
– Чектөөлөр кабыл алынган кандай документтер менен көзөмөлдөнөт?
– Ар бир адам биометрикалык маалыматын тапшырышы керек. Мыйзам Жогорку Кеңеште кабыл алынган. Ал абдан маанилүү документ болуп саналат.
Мен ЖМКларды бизге маалымат топтоодо жардам беришин суранам. Бул биздин мамлекет үчүн абдан маанилүү. Аталган процесс мамлекеттин тарыхында калат. Баардык жарандардын маалыматтарын канчалык сапаттуу жана түшүнүү менен чогултсак — бул биздин кийинки муунга мамлекетте күчтүү жана ачык бийлик түзүүсүнө жардам берет.
– Биометрикалык маалыматтарды алууда операторлор коопсуздуктун кандай процедураларынан өтүшөт?
– Бул мыйзамдын жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комиеттин талабы.
– Алардын эмгек акылары канча?
– Маселе чечилип жатат. Алардыкы иш сапардык жана күндүк болот.
– Сиз биометрикалык маалыматтардын чыгып кетиши болбойт деп кепилдик бере алысызбы?
– Биринчиден маалыматтар мыйзам менен корголот. Мыйзам бар, бул маселе боюнча УКМК атайын текшерүүсү бар. Сакталуусу үчүн жоопкерчиликти өкмөт алат. Биз жарандардын коопсуздугуна кепилдик беребиз. Мамкаттоо сырларды жана биздин маалыматтардын коопсуздугун толук сактайт.

Комментарий кошуу