Сатыбалды_Далбаев1

Бүгүн, 23-декабрда Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин жыйынында Кыргыз ССРинин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Сатыбалды Далбаевди “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамына көрсөтүү жөнүндө маселе каралып, жактырылды.

Аталган маселе боюнча Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Бөдөш Мамырова баяндама жасап, мындай демилге бир катар депутаттар менен кошо Кыргызстан театр ишмерлер союзу, Базар-Коргон районунун эли жана бир катар чыгармачыл инсандар тарабынан көтөрүлгөндүгүн белгиледи. С.Далбаев чоң-чоң классикалык башкы ролдорду ийгиликтүү аткарып келгендигине токтолгон вице-спикер 80ге чыкканча театрда ишмердүүлүгүн улантып жаткан белгилүү инсандын эмгегин татыктуу баалоо зарыл дейт.

Жыйынга чакырылган Кыргызстан театр ишмерлер союзунун жетекчиси Жаныш Кулмамбетов, КТРКнын башкы директорунун орун басары Кайрат Иманалиев дагы мындай демилге ишке ашырылса, театр ишмерлерине чоң стимул боло турганын кошумчалашты.

Комитет төрагасы Каныбек Осмоналиев баштаган комитет мүчөлөрү С.Далбаевдин Кыргыз Республикасынын маданиятына жана театрына сиңирген эмгегин жогору баалап, көтөрүлгөн демилгени колдоого алышты деп билдирет Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.