Бензин дагы арзандады
Бүгүн өлкө аймагындагы бардык май куюучу жайларда бензин бир сомго арзандады. Бирок дизелдик майдын наркы өзгөргөн жок. Эске салсак, январь айынан бери бензиндин бардык үлгүсүнүн баасы 7ден 15 пайызга чейин, тагыраак айтканда, 6 сомго чейин төмөндөдү, дизелдик май болсо 8 сомго арзандады. Күйүүчү майдын наркынын төмөндөп жатышын адистер нефтинин арзандашына байланыштырууда. Учурда АИ 92 үлгүсүндөгү майдын баасы 40 сом 40 тыйындан сатылууда.
Мээрим БАКТЫБЕКОВА


Комментарий кошуу