Баткен шаарынын мэри, Жаныбек Жалалов: «Баткен шаарынын бюджети 3 жылда 21 миллион сомго өстү»
Баткен шаарынын бюджети акыркы 3 жылда 21 миллионго өскөн. Анын эсебинен инфраструктурасы ар тараптуу жакшырып, көйгөйлөрү чечиле баштаган. Бирок ошого карабастан шаардыктар шаардын мындан да ыкчам өнүктүрүп, шаарды таза кармаса болот деген пикирлерин айтышууда. Кандай болгон чакта дагы шаарда өнүгүү жок деп айта албайбыз. Кемчиликтер бар. Бирок анын баарын оңдойбуз дейт Жаныбек Жалалов.
Бир кездерде бир да көчөсү асфальт болбогон Баткен шаары бүгүн башкача. Облус түзүлүп, инфраструктура жакшырып дегендей, бийлик көңүлүнөн сыртта калган Баткенге шаар статусу берилгенден кийин калктын саны өсүп, 20 миңден 30 миңге чейин көбөйгөн. Быйылкы жылдын өзүндө эле шаардын башкы көчөлөрүнө светафорлор орнотулду. Көчөлөр жарыктандырылды. Шаардыктардын саламаттыгына кам көрүлүп, жаңы поликлиника пайдаланууга берилди. Жалпы суммасы 42 млн. сомго таза суу түтүктөрү тартылды. Айта берсе акча каражаттары менен байланышкан мындай иштердин узун саны өтө эле көп. Алардын ар бирине токтолгон шаардын мэри Жаныбек Жалалов күн сайын өнүгүүгө карай багыт алган облустун борборуна түркиялыктардын каржылоосу менен өрүктү кайра иштетүүчү завод куруларын айтты. Бул багытта атайын делегация Түркияга барып, Малатья шаары менен кызматташуу боюнча эки тараптуу келишим түзүшкөн.
Он беш жыл тарых эсеби менен алганда көп убакыт эмес. Бирок ошого карабастан бул аралыкта тарыхы узун, кылым карыткан шаарлардын катарына кошулуп бараткан Баткендин келечеги кең деп айтсак болот.
Өткөн жылы 117 млн. сомдук инвестиция тартылган. Тартылган бул каражаттардын эсебинен жогоруда биз белгилеген бир топ социалдык көйгөйлөр чечилген. Албетте, баары ойдогудай деп айтканга али эрте. Бирок ошого карабастан дале чечүүнү талап кылган көп көйгөйлөр да жок эмес. Маселен газпром май куйуучу бекети шаардын чок ортосуна жайгашкандыктан шаардыктар үчүн кооптонууну жаратууда. Анткени бул май куйуучу бекетин курчап базар жана бир катар соода дүкөндөрү жайгашкан. Шаардагы экинчи көйгөй тазалык менен базарлардын чатагы. Бейшембиден башталган Баткен шаарындагы базарлар ишемби күнгө чейин уланат. Натыйжада тазалык тармагында иштегендер үч күнгө созулган базардан калган таштандыларды жыйнап үлгүрбөй жатышат. Бул жөнүндө өз оюн айткан шаардын мэри келечекте базарды жылдырарын жана газпром май куйуучу бекетин шаардын чок ортосунан жылаарын айткан.
Биздин Махбуба Хусенова
Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн башчысы – Махбуба Хусенова: “Төрөттөн аман чыккан ар бир эненин жылмаюусу мен үчүн чоң майрам”
Махбуба Хусенова Баткен облустук биргелешкен оорукананын төрөт бөлүмүнүн жетекчиси. 30 жылдан ашык акушер-гинеколог кесипти аркалаган бул айым 50 миңден ашуун баланын киндик энеси. Бул аралыкта эмне деген кыйын кырдаалдарды баштан кечирип, керек болсо аз кандуу энеге өз канын куюп, өмүрүнө өмүр улап келет. Биз менен болгон маегинде Махбуба айым “төрөттөн аман чыккан ар бир эненин жылмаюусу мен үчүн чоң майрам” деди. Бул кандай гана күчтүү жана ар бир адамга таасир калтыра турган сөздөр эмеспи?…
Махбуба Юсуфовна 30 жылдан ашуун убакыттан бери Саламаттыкты сактоо тармагында үзүрлүү эмгектенип келет. Бул аралыкта ондогон наристелерге киндик эне болуп, төрөт учурунда көптөгөн жаш өмүрлөрдү сактап калды. Кесиби акушер-гинеколог болгондуктан дарыгерде үйүндө да тыным жок. Жолдошумдун да дарыгер болуп, түнкүсүн да тынымы жок ишиме түшүнүү менен карагандыктан мен ушул деңгээлге жеттим дейт ал. Ар дайым сылык мүнөзү менен башкаларга мамиле кылган Махбуба Юсуфовнага облустун бардык аймактарынан көптөгөн болочок энелер кайрылышып, көңүл жылытарлык мамиле табышкандыктанбы, айтор күн алыс телефон чалышып, өздөрүнүн же ымыркайдын ден соолугуна керектүү кеп кеңештерди алып турат.
Өткөн жылдын жыйынтыгы менен Махбуба Хусенова Кыргызстан аялдар конгрессинин “Жылдын мыкты айымы” деген дагы бир сыйлыктын ээси болуп, медаль тагынды. Мыктылардын катарын толуктаган мыкты дарыгер жөнүндө кененирээк токтолсок. Тажикстандын Исфара районуна караштуу Матпари айылында, мугалимдин үй-бүлөсүндө төрөлгөн бул айым акушер-гинеколог деген жогорку билимин Душанбедеги медициналык жогорку окуу жайынан алган. Алгачкы эмгек жолун Тажикстандан баштаган Махбуба Хусенова тажик, орус, кыргыз тилдеринде бирдей сүйлөп, үч улуттун дилин, салт санаасын мыкты билет. Кийин Баткен райондук ооруканасында андан соң облустук биргелешкен оорукана түзүлгөндө төрөт бөлүмүн жетектеп калган.
Баштоо канчалык кыйын болсо дагы, үзүлгөндү улап, чачылганды жыйнап эмгектенген бул айымда жекшемби, ишемби деген дем алыш күндөр жокко эсе. Өзгөчө төрөт бөлүмү облустук деңгээлдеги макамды алгандан бери алыскы Лейлектен же Кадамжайдан келеби кош бойлуу энелерге жардам көрсөтүүгө шашып турат. Анткени, кырдаал көп жыл иштеген дарыгер айымга белгилүү да. Аз кандуулук, же төрөттү өткөрүп жиберип, айласы кеткенде дарыгер издегендердин көпчүлүгү алыстан келгендер. Аларды көп күттүрүүгө болбойт. Ансыз да анемия менен жабыркап, алдан тайып турганда тез жардам көрсөтүү негизги маселе экенин түшүнгөн Махбуба Хусенова мындай окуяларды далай жолу башынан өткөргөн. Жардам берип да көргөн. Ал турсун, каны калбай бараткан айымдарга өз канын берип, анын өмүрүн сактап калган күндөр да болгон. Кандай аянычтуу, алсыз жан каны азайып, ансыз да алсырап баратканда мындай жолго бир нече жолу барган. Азыр алар эне бала болуп чоңоюшуп эске келгенде Махбуба Юсуфовнага келип, “сиз биздин өмүрүбүздү сактап калгансыз”- деп айтып кетишет. Бул Махбуба Хусенова үчүн чоң бакыт. Ар дайым жакшылыкты сезген мындай адамдардын бар экенине ыраазы болуп, бактылуу жашайт. Атасы Юсуф Хусейнов “Адамга оору келгенде өтө оорутуп келет, аны сен бир жылмаюу менен кабыл алганын, анын тез арада сакайып кетүүсүнө жардам берет – деп айткан сөзүн ар дайым туу тутуп келем”- дейт ал.
Чынында эле, Баткен чөлкөмүндө эмгеги менен оозго алынган Махбуба Хусенованын эмгеги эбак эле Эмгек сиңирген дарыгерликке татыктуу болсо да, сыйлык үчүн эмес, эл үчүн, ден соолук үчүн, келечек үчүн тынымсыз эмгектенип келет. Эмне демекчибиз, сыйлыгыңыз кут болсун! КР Аялдар конгрессиндеги аялдардын татыктуусунун татыктуусу болуп жүрө бериңиз!
А.АКМАТОВ, Баткен облусу



Комментарий кошуу