кат

Учурдагы жетекчилерге ачык айтып кат жазууну, мен Абдыкадыров Тургунбай мойнума алдым. Эл пикирин көркөмдөй бербей ток этээрин жазууну чечтим:

1. Өмүрбек Текебаев шашылыш түрдө Конститтуцияны жазып, айыл өкмөттөрүнэлдер шайлаган депутаттар шайлайт деди эле, натыйжада турмушта жалпы нааразычылык келип чыкты. Тактап айтканда, кайсыл айыл өкмөттө кайсыл уруу көп болсо депутаттары дагы көп болуп, ошол уруудан айыл өкмөт башчысы болуп шайланууда, ушул дагы теңдикпи? (демократиябы?)

  1. Облустардын мамлекеттик ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен райондук акимдерди, одоно айтканда «Бекер акун» кылдыңар. «Бекер акун» илгеркилердин айтуусу боюнча колунда сааты, колтугунда папкеси, башында шляпасы жана мойнунда галстугу болот дагы, бирок эч нерсени чечишпейт. Ошону менен эле бирге эч кандай жоопкерчилиги дагы болбогон болот.

3. Туура, жаштар биздин келечегибиз,аман болушсун. Элден тарбия алып билимдүү болушса, элге кызмат кылышын каалайбыз. Бирок азыркы бийлик буларды дагы өздөрүнчө министрлик уюуштуруп бөлдүңөр. Бизде канча министрликтер бар, ошолордон мурункудай эле таалим алып өсүшсө болбойбу? Бийликти буларга берүү керек б.а. кызматка коюууга, алууга укуктуу кылып, ошондо гана мамлекетке көп салым кошулат.

4. Азыркы жетекчилер, урааныңар жакшы, бөлүнбө кыргыз бөлүнбө, урууңду ойлобой дегенди кантип доскаларга жазып, телевидениеден уялбай айтасынар. Союз барында урууга бөлүнбөй жалпы жамаат же колхоз, совхоздорго гана бөлүнүшкөн. Азыр 207 партияга бөлдүңөр, мындан күчтүүңөр бир үй-бүлөнүүчкө бөлдүңөр. Атасы бир партияда, апасы, баласы башка партияга бөлүндү.

5. Сотторду мурун эл шайлоочу, азыр силер жемекей кылып койдуңар. Чоң уурдагандар көбүрөөк берсе бошоп кетүүдө, ал эми тоок уурдагандар камалууда. Кантип коррупцияны жоёсуңар?

6. Кыргызстандын электр тармагына кантип Артыкбаев министр болуп барды? Дарыгерди электр тармагындагыларды дарылоого жибердиңер эле, жыйынтыгында эч ким жооп бербегени кандай?

7. Союз таркаганда атактуу аттарды акчасы барлар өзгөрттү б.а. уурунун, мастардын жана соодагерлердин ж.б. аттары коюлууда.

Азыр неберелерибиз булар ким болгон десе так жооп бере албайбыз. Калп айтып мактап койсок, баары бир билип алышып,“эй досум, чоң атаң соодагер экен го, же мас болуп ушул көчөдө жүрчү экен, ошонун атын койдубу?” дешет, уяласың. Анан калса көчөнүн атын коёрдо көчөнү туугандары, балдары оңдойбуз дешкен, текшербейсиңерби оңдоштубу? Жок.

8. Пенсия, пособиени көбөйтүүгө шарт жок дейсиңер, учурда эмне үчүн областагы, райондогу бекерпозчуларды кыскартпайсыңар? М: Райондо акимдин эки орун басары бар, айткылачы, талаачылыкка кимиси, мал чарбасына кимиси жооп берет? Аким менен аппарат башчысы эле болот да.

9. Учурдагы бийлик Крыловдун тамсили: Президент, Жогорку Кеңеш, Премьер-министр үч жакка тартышат, эч нерсеге жооп беришпейт.

10. Жогорку Кеңешке 120 депутат керекпи, кыргызда накыл сөз бар «Суур көп болсо ийин казбайт, казса да терең казбайт» деген. Акчанын баары силерге кетүүдө. 35 депутат болсо эле болбодубу. М: 5 саясатчыга 5 юрист, 5 эконмист, 5 эсепчи, 15 тармактар боюнча, муну фракциялар ойлобойсуңарбы? Эптеп эле өзүңөрдүн кадрыңарды чоңураак бийликке койсоңор, алар силер үчүн иштесе. Дагы бир суроо, облустарды, райондорду эмне үчүн бөлүп алдыңар? Кыскартсаңар, эсептегилечи бир жылда канча мектеп, канчалаган бала-бакчалар курулмак.

11. Айыл-чарба министри бизде алманын, күрүчтүн, өрүктүн сорттору жакшы деп чуркап жүрөт, буларсыз жашоого болот, бирок нансыз жашоого болобу? Учурда жерлер айдалбай, буудай ж.б. себилбей кысыр калууда. Бул жөнүндө силер ойлонбойсуңар, анткени айлыгыңар көп, ал эми көчөлөрдө сурамчылар көбөйүүдө. Азырынча ушул эл пикирине жооп бергилечи суранабыз, теле же гезит аркылуу.

12. Телевидениени эртең менен кечке ырдата эле бересиңер, элибизди бүтүндөй артистке айлантмак болдуңар, ушул сыяктуу эле Кыргызстандын туусун желбиреткен спортсмендерибизди эмне үчүн даңазасын чыгарбайсыңар?

13. Бийлик болуш керек Президентте, жалпы Кыргызстан үчүн жооп берет. Губернаторлор облус үчүн, ал эми райакимдер район үчүн жооп беришсин.

Эл пикирин жазган пенсионер:  Тургунбай Абдыкадыров