детсад

Кечээ, 9-декабрда коррупцияга каршы күрөштүн эл аралык күнүндө Кыргызстанда жемкорлукка малынган тармактардын алдында билим берүү жана саламаттык сактоо министрликтери экендиги тиешелүү укук коргоо жана коомдук уюмдар тарабынан аныкталды. Коомубуздагы бул көрүнүшкө каршы күрөшүү үчүн КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев коомчулукка кайрылуу жасады.

Ал эми билим берүү  тармагындагы коррупция бала бакчадан башталары белгилүү. Бизге Бишкек шаарынын жашоочусу Күмүшай Матимарова кайрылып, бала бакчаларда коррупция мыйзамдашып, системалуу көрүнүшкө айланып калгандыгын билдирди. Мисалы, ал өзү кызын борбордогу бала бакчалардын бирине орноштуруу үчүн жарым жылдан ашык кезекте турган. Анткени бакчанын жетекчиси бир нече ирет “Орун жок” деп жооп берген. Бирок качан гана “Эгер керек болсо демөөрчүлүк жардам көрсөтөлү”,- дегенде 5 миң  сомдук төшөнчүлөрдү алып келүүнү айткан.

“Эгер мен ушул демөөрчүлүк жардам көрсөтпөсөм, кызымды бакчага алышмак эмес. Бул коррупциянын мыйзамдаштырылып калгандыгы. Мындан тышкары шаарыбыздагы бардык эле бакчаларда бөбөктөрдүн тамагы үчүн бөлүнгөн азык-түлүктөр аларга толук берилбейт. Анткени бул азыктардын бир бөлүгүн бакчанын жетекчилери үйүнө алып кетет же дүкөндөргө сатат. Бирок биз бул жагдайды көрүп турсак да айта албайбыз. Себеби балабызга зыяны тийип калабы деп чочулайбыз”,- деди ал.

“Кабар-Пресс”  Мамлекеттик маалымат кызматы.