КР Эмгек сиңирген артисти Бакыт ШАТЕНОВ: “Бир арманым – атамдан эрте айрылганым”
– Бакыт мырза, быйылкы жыл сиз үчүн кандай жылдардан болду?
– Эң оболу, эл-журтубузда тынчтык, ынтымак орноп тургандын өзү – баарыбыз үчүн жакшы нерсе. Таланттар уялаган улуттук филармониябызда жакшы маараке, иш-чаралар өтүп жатат. Аны менен катар эле залкар талант Токтогул атабыздын 150 жылдык мааракеси 2014-жалпы түрк дүйнөсүндө белгиленүүдө. 14-декабрда Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин чоң программадагы концерти болот, учурда ага даярдануу менен алекпиз.
– Өнөрүңүздүн арты менен дүйнө кыдырып жүргөнүңүздөн кабардарбыз…
– Ооба, дүйнөнүн бир топ жерлерин өнөрдүн аркасы менен көрдүм. Айрыкча, “Камбаркан” фольклордук тобу жана “Ордо-Сахна” фольклордук театры менен чет жакка көп чыгабыз.
– Угарман журту Атай Огомбаевдин “Ой булбул” чыгармасын чеберчилик менен аткарганыңызды белгилейт. Негизи эле ушул чыгармага өзгөчө стиль киргизгендейсиз…
– Сахна дүйнөсүнө алгач “Көрүнүп койсоң болбойбу” деген элдик ыр менен чыккам. “Ой булбулду” кийин эле ырдадым, устатым маркум Нурак Абдрахманов ырдачу, анан мага тапшырды. Элдик ырларды жөн эле ырдап коюуга болбойт, алардын ар биринин өзүнчө тарыхы жана мааниси бар.
– Комуздан башка дагы кайсы музыкалык аспаптарда ойнойсуз?
– Өзүм кыл кыякчымын. Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайда жаңыдан кыл кыяк сабагы ачылганда биринчилерден болуп аталган аспап боюнча мен билим алгам. Ал эми комузду экинчи классымда колго алып, ошондон бери чертип келем. Жаштайымдан комуз черткенимдин себеби, атам комузчу болчу. Атам мен жетинчи класс окуп жатканда кайтыш болуп калды. Андан сырткары ооз комуз, гитара да черте алам.
– Кыргызда атанын, эненин эмгегин актоо деген түшүнүк бар. Ал милдетти кандай аткара алдыңыз? Канча бир туугансыз?
– Турмуштагы бир арманым – атам менен апам балдарынын жакшылык, сыйын көрбөй кеткени. Атам билинбей, тарыхка жазылбай калган комузчулардан болгон десем жаңылышпайм. Күндө эртең менен колуна комузун алып үйдүн жанындагы токойду аралап, Токтогул, Эшмамбет, Карамолдолордун күүлөрүн чертээр эле. Артынан ээрчип, тыңшап жүрүп эле үйрөнүп алгам. Эң биринчи үйрөнгөнүм, “Кайгылуу Какей”, “Талма күү” эле. Апам да таланттуу киши болчу, темир комуз кагып, анан да созолонтуп тунук ырдачу. Апам 1985-жылы каза болду. Ата-энеден 11 бир тууган элек, 4 кыз, 7 эркек. Эң улуу эжем менен агам кайтыш болуп кеткен. Азыр 9 бир тууган барбыз.
– Өзүңүз канча баланын атасысыз?
– Бир уул, бир кызым бар. Уулум 26 жашта, үй-бүлөлүү. Эки неберем бар. Кызым болсо 23 жашта, жогорку окуу жайын аяктаган, учурда Дубайда иштеп жатат. Балдарым бактым деген ушул экен, аман-эсен болушсун. Жубайым да музыкант, комузчу. Мукаш Абдраев атындагы интернатты бүтүргөн. 1986-жылы жубайым экөөбүз Искусство институтун бирге аяктаганбыз.
Мээрим БАКТЫБЕКОВА


Комментарий кошуу