Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстанга билим берүү тармагын өнүктүрүү максатында 22 млн доллар өлчөмүндө жардам көрсөтөт
Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстанга билим берүү тармагын өнүктүрүү максатында 22 млн доллар өлчөмүндө жардам көрсөтөт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева Жогорку Кеңештин Эл аралык байланыштар боюнча комитетинин бүгүн, 22-декабрдагы отурумунда билдирди.
Комитеттин мүчөлөрү Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Тармактарды өнүктүрүү программасы: билим берүү системасын чыңдоо» Гранттык макулдашуусун карады.
«Кыргызстанга эки транш менен 2014-жылы жана 2017-жылы бериле турган гранттын жалпы көлөмү 22 млн долларды түзөт. Бул каражат билим берүү стандарттарынын сапатын жогорулатуу, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу, мектептерде билим берүүнүн деңгээли жана биилм берүү мекемелериндеги техникалык-материалдык базаны жакшыртууга жумшалат», – деди Т.Ашымбаева.
Булак : Баракелде


Комментарий кошуу