келдибеков1 түлеев1

ЖКнын  экс-депутаттары Нариман Түлеев абакта жаткан 2 жыл 7 ай аралыгында 1 млн. 730 миң сом, учурда чет өлкөдө дарыланып жүргөн Акматбек Келдибеков иштебеген 1 жыл 2 ай аралыгында 1 млн. 120 миң сом айлык алган. Белгилүү болгондой алардын айлык акыларын жакындары алып турган. Ошону менен бирге  депутаттардын бирден жардамчысы жана кеңешчиси ушул убакыт аралыгында кадимкидей айлык акы алып турган. Эске салсак, Нариман Түлеев Бишкек шаарынын мэри  болуп турганда мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирген деген айып тагылып,  2012-жылдын 22-июнунда камакка алынган. Бишкек шаардык соту аны 11 жылга абакка кескен. Белгилүү болгондой БШК Н.Түлеевди депутаттык мандаттан мөөнөтүнөн мурда ажыратты. Ал эми кызмат абалынан кыянат пайдалануу беренелери боюнча шектелген парламенттин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибеков 2013-жылдын 20-ноябрында камакка алынган. Ал 2014-жылдын август айында  Биринчи май райондук сотунун чечими менен чет өлкөгө, тактап айтканда  дарыланууга Дубайга кеткени жана жакында кайтып келери айтылууда.

Даярдаган Айнура ШАЙКЕЕВА