Алп аваздуу Образцова
Январь айынын он экисинде опера дүйнөсү чоң жоготууга учурады. 75 жаш курагында дүйнөлүк жылдыз Елена Образцова оо дүйнө салды. “Ал өзүнчө доор эле. Анын ордун жакын арада эч ким алмаштыра албайт”-деди Россия эл артисти, атактуу театр режиссеру Роман Виктюк.
Елена Образцова 1963-жылы студент кезинде Чоң театрдын солисти болуп кабыл алынып, бир жылдын ичинде сегиз партияны аткаруу менен бүткүл музыкалык Москванын купулуна толгон. Кыска мөөнөттүн ичинде анын ысымы опера дүйнөсүнүн асманында жаркыраган. 1969-жылы Парижде аткарган “Марина Мнишек” партиясы ырчынын чыгармачылык тагдырын түп-тамырынан өзгөрткөн. 1975-жылы АКШдагы гастролунда ушул партияны аткарганда Е.Образцова беш жолу сахнага чакырылып, катуу сүрөөнгө алынган. АКШдагы ийгилиги анын дүйнөлүк опера жылдызы статусун ого бетер бекемдеген. Улуу ырчынын аткаруусундагы “Кармендин” партиясы бардык мезгилдерде аткарылгандардын ичинен эң мыктысы деп испандыктар өздөрү таанышкан. Елена Образцова Нью-Йорктун “Метрополитен опера”, “Италиянын “Ла Скала” сыяктуу театрларында көп жолу концерт берүү менен бул театрлардын беделин ого бетер көтөргөн. Улуу орус ырчысынын дүйнөлүк жана орус музыка маданиятынын тарыхында түбөлүк сакталып калары күмөн туудурбайт.
Абдимухтар АБИЛОВ


Комментарий кошуу