10387470_514453801990706_2072798056023832980_n

Белгилүү акын, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жолон Мамытов:

Алоолонуп күйгөн от көрсөм,

Алоолонуп кетет жүрөгүм.

Өмүрүмдө канча от көрсөм,

Ошончолук отту сүйөмүн!-деп, 29 жаш курагында “Отту сүйөм” аттуу алгачкы ыр жыйнагы менен адабият чөйрөсүнө аламан, тополоң түшүргөн эле. Кээ бир сынчылар акындын эмоционалдуу аруу ойлоруна балчык ыргытып дагы көрүшкөн. Түпкүлүгүндө акындын алдыга чабыттаган көз карашынын тууралыгын түшүнүшкөн. Аны Жолон Мамытовдун бүгүнкү күнгө чейин сын-сыпатын жоготпой жалындап турган ырлары аныктап турат. Аталган китептин басмадан жарык көргөнүнө быйыл 46 жыл болуптур. Жарым кылым. Адабиятка айыл чарба институтун бүтүргөн жаңычыл ойлордун, ташкындаган сезимдердин айлампасына айланган акындын келиши чагылган жарк  эткендей эле болгон. Бардык ырларын ийине жеткире жатка окучу. Аталган китептеги “Романтика” аттуу ырын окурмандарга толук бойдон сунуштайлы.

Романтика

Бир үңкүр бар тоолордун арасында,

жомоктогу сулуулар жолугушат.

Жайлоо жакта ат чабым тегиздик бар,

жомоктогу баатырлар жолугушат.

 

Бир суу агат тоолордун ичи менен,

жез кемпирлер жээгинде чач тарашат.

Бир ашуу бар тоолордун өркөчүндө,

жомоктогу желмаян, аттар ашат.

 

Кармап алсаң балыгы сүйлөп иет,

кое бер деп эркиме жигит мени.

Атчан өтүп баратсаң шагылдардан,

салам айтат кайберен бийиктеги.

 

Жылдыз өсөт кырларга кыркалакей,

жылдыз минип эр жетет ойноок балдар.

Жылдыз алып келишет кыздарына,

кой тоскону чыгышкан бойдок балдар.

 

Эркин жашайт ушул эл өз өмүрүн,

эч жамандык ойлобой башкаларга.

Бир заманда катылган жолбундардын,

сөөгү турат илинип аскаларга.

Жолон Мамытов тирүү болгондо быйыл 75 жашка чыкмак. “Издейм сени” аттуу ырына обончулардын олимпи Рысбай Абдыкадыров обон чыгарган. Аталган ыр 50 жылдан бери элдин оозунан түшпөй ырдалып келет. Тексти менен обону төп келип, биринин көркүн бири чыгарган 10 классикалык ыр болсо, ошонун бири – ушул “Издейм сени”. Бешөө болсо, бири ушул. Аталган ыр кыргыз эли канча жашаса, өзөндөрү, дарыялары канча акса, алар менен жарышып ага берээрине  ишенем.

Жолон Мамытов 1988-жылы каза болгон. Ошондон бери тандалмалары басмадан жарык көрө элек. Быйыл 75 жылдыгына карата тандалмалар жыйнагы окурмандардын колуна тиет деген ойдобуз.

Карбалас БАКИРОВ