Алдын ала маалыматтар боюнча кримтөбөл К.Көлбаев үй-бүлөөсү менен Дубайга учуп кеткен, – министр М.Турганбаев
Алдын ала маалыматтар боюнча кримтөбөл Камчы Көлбаев үй-бүлөсү менен Дубайга (БАЭ) учуп кеткен, деп билдирди бүгүн, 21-ноябрда Ички иштер министри Мелис Турганбаев «Ата Мекен» фракциясынын отурумунда.
Отурумда фракция лидери Өмүрбек Текебаев министрден, Көлбаев менен Бокушев азыркы учурда кайда экендигин сурады.
«Камчы Көлбаев үй-бүлөөсү менен Дубайга учуп кетсе керек. Сиздер тапшырма бергенден кийин биз ал боюнча чоң иштерди аткардык. Биз чараларды көрө баштаганда ал өлкөдөн учуп кетти. Биз азырынча Дубай менен байланыша элекпиз»,- деди ал.
Булак : Баракелде

Комментарий кошуу