Чет элдик жарандардын Кыргызстанда турак жай сатып алуу укугун чектеген мыйзам долбоору боюнча депутаттар берген добуштардын жыйынтыгы

Жогорку Кеңештин депутаттары кечээ, 20-ноябрдагы отурумунда Турак жай кодексиндеги чет элдик жарандар жана юридикалык жактардын, ошондой эле жарандыгы жок тараптардын Кыргызстанда турак жай имаратын жеке менчикке алуу укугун чектеген түзөтүүлөр жөнүндө мыйзам долбоорун колдогон жок.
Депутат Кожобек Рыспаев («Ар-Намыс») демилгелеген долбоорго, жалпы каттоодон өткөн 82 депутаттын ичинен 34 депутат «макул», 48 «каршы» добуш берди.
Булак: Баракелде

Комментарий кошуу