Аксы районунун борбору Кербендеги аэропортту ишке киргизүү муктаждыгы көтөрүлдү
Бүгүн, 29-январында Жогорку Кеңештин “Ар түрдүү маселелер” саатында депутат Исхак Пирматов Аксы районунун борбору Кербен шаарындагы аэропортту ишке киргизүү муктаждыгы боюнча маселе көтөрдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.
Айтымында, бул аэропорт ишке кире турган болсо Жалал-Абаддын Майлуу-Сай, Бүргөндү, Чаткалга чейинки аймактарда жашаган элдин борборго каттоо маселеси чечилет. Себеби Ала-Бука, Чаткал райондоруна автоунаа жолу кыйынчылыкты жаратып, болгону чоң-чоң автоунаалар эле каттап калган. “Кербендеги аэропорт учуп-конуу иштерине баардык шарттары бар. Жогорку Кеңештин көмөгү менен Баткен районунун Лейлек районуна авиакаттам ачылып, элге шарт түүзүлгөн. Ушундай кылып, Кербен аэропорту чечилсе, Жалал-Абаддын 4 районунун эли алкыш айтат эле”,- дейт И.Пирматов.
Мындан сырткары, депутат Ала-Бука районундагы 61 гектар жерди трансформациялоо маселесине Өкмөт эчак эле убада бергенин айтып, бүгүнкү күнгө чейин чечилбей келе жатканын кошумчалады.


Комментарий кошуу