Нарын районунун Кара-Үңкүр айылы электр кубаты менен дагы эле камсыздалбай келет
Бул тууралуу депутат Майрамгүл Тиленчиева бүгүн, 29-январда Жогорку Кеңештин “Ар түрдүү маселелер” саатында маселе көтөрдү.
Депутат Нарын районунун Кара-Үңкүр айылынын электр кубаты менен дагы эле камсыздалбай келе жатканын айтып, бул мамлекет үчүн уят иш катары баалады. Ошону менен катар бул айылдын балдары атайын автобус менен кийинки Оттук айылынын мектебине барып билим алышаарын, 1973-жылкы автобустун эскилиги жетип, ал дагы жарабай калгандыгын Өкмөткө багыттады. “Электр кубатын чече албасаңар дагы, жок дегенде балдар үчүн автобус алып берип койгула” деген талап койду эл өкүлү.
Ошондой эле депутат Кочкор районунун Ак-Кыя айылында 2005-жылдагы жер титирөөдө жабыркап, жараксыз деп табылган мектептин маселесин көтөрдү. Ошондон бери улам кийинки жылдын республикалык бюджетинин капиталдык салымдар беренеси боюнча тизмеге кирет деп кирбей келе жатканын айткан М.Тиленчиева, Өкмөттү мындай олуттуу жагдайларга тең салмактуу, калыс мамиле жасоого чакырды. Бул көйгөйдү депутат Мамытбай Салымбеков дагы көтөрдү деп билдирет Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.


Leave a Reply