2015-жылы инфляция деӊгээли 14 пайызга чейин жетиши күтүлөт
Жогорку Кеңеште «Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзам долбоору карылып жатканда, каржы министри Ольга Лаврова келерки жылы Кыргызстанда инфляция деӊгээли 14 пайызга чейин жетиши мүмкүн экенин билдирди. “Каржылоо айырмачылыгы 8-10 млрд. сомду түзүшү күтүлөт. Ошондон улам, биз бюджеттин өнүктүрүү жаатына өзгөчө көӊүл бурушубуз керек”, – деди каржы министри.
Мээрим БАКТЫБЕКОВА


Комментарий кошуу