КСДП фракциясынын лидери Ч.Турсунбеков: “Административдик-аймактык реформа жергиликтүү элдин макулдугу менен жүргүзүлүшү зарыл ”
Бүгүн, 19-январда лидери Чыныбай Турсунбеков башында турган КСДП фракциясынын депутаттары Балыкчы шаарында Балыкчы шаарынын жана Ысык-Көл, Тоң райондорунун тургундары менен жолугушту. Жолугушууга депутаттар Эркин Сакебаев, Жусубали Исаев, Данияр Тербишалиев, Гүлнара Жамгырчиева, Энергетика жана өнөржай министри Кубанычбек Турдубаев жана башка министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери катышты.
Жолугушууда жергиликтүү тургундар мугалимдердин айлыгын жогорулатуу, “Ысык-Көл кемечилиги” мамлекеттик ишканасынын банкрот болушуна жол бербөө, Балыкчы шаарындагы ун комбинатынын менчиктештирилип кеткен тегирменин кайтаруу сындуу маселелерди көтөрүп чыгышты. Ошондой эле “Ысык-Көл” фондусунун каражаттарынын бөлүштүрүү жагдайлары айтылды. Мындан сырткары, жергиликтүү бийлик органдарынын пилоттук долбоор катары административдик-аймактык реформа жүргүзүү демилгесинде – айыл айылдарды ирилештирүүдө жергиликтүү элдин көз карашынын эске алынышы зарылдыгын билдирди.
КСДП фракциясынын лидери Ч.Турсунбеков административдик-аймактык реформа жергиликтүү элдин макулдугу менен жүргүзүлүшү зарылдыгын жооптоду. Ошону менен катар эл тарабынан көтөрүлгөн пластик бөтөлкөлөр менен целлофан баштыкчалардын ордуна экологиялык жактан таза кагаз баштыктарды жана айнек идиштерди колдонууга өтүү маселесин республикалык деңгээлде көтөрүүгө мезгил жеткенин баса белгиледи.
Ал эми “Ысык-Көл кемечилиги” мамлекеттик ишканасы банкрот болушуна жол берилбестигин, ага бюджеттен каражат бөлүү каралгандыгын парламенттин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин төрагасы Жусубали Исаев маалымдады. Эл өкүлдөрү көтөрүлгөн көйгөйлөрдү аткаруу бийлигинин астына коюуга убада беришти деп билдирет КСДП фракциясынын катчылыгы.


Комментарий кошуу