лавинааа1

12-Февраль саат 18.00гө карата Жалал-Абад облусуна караштуу Алабука-Жаңы-Базар-Кировка автожолунун 60-100 чакырымдарында жана Красная горка-Акташ автожолдорунда жааган кардын калыңдыгы 45-50 см болду. Жол тейлөө ишканалары тарабынан жолду кардан тазалоо иштери жүргүзүлгөндүгүнө карабай кайрадан кар көчкүлөрү түшүүдө. Кар кечкисин жаагандыгына байланыштуу иш токтотулган. Жергиликтүү бийлик органдарынын чечими менен  аталган жолдордо жол кыймылы убактылуу токтотулду. Учурда  жолдорду кардан тазалоо иштери улантылып жатат.