Өкмөт жаңы тарифтерди бекитти: 700 киловаттка чейин 70 тыйын, андан ашканына 2 сом 4 тыйындан төлөнөт
Жаңы тарифтер боюнча электр кубаты төмөнкүдөй эсептелет: Мисалы, абонент 1000 киловатт-саат электр энергиясын пайдаланса, мунун 700 киловатт-саатына азыркыдай 70 тыйындан төлөйт. Калган 300 киловатт-саатына 2 сом 05 тыйындан төлөп баштайт. Ошондо абонент 1000 киловатт-саат электр кубаты үчүн 1102 сом төлөп калат (700 киловатт-саат х 70 тыйын = 490 сом, 300 киловатт-саат х 2 сом 04 тыйын = 612 сом). Бул азыркы 1000 киловатт-саат электр энергиясынын баасынан 402 сомго кымбат. Кыргызстан быйылкы сезондо 7,5 миллиард киловатт-саат электр энергиясын өндүрмөкчү. Муну калкка бөлгөндө ар бир абонентке 680-690 киловатт-сааттан тиери айтылды. Демек, колдонуп жаткан электр энергиясы 700 киловатт-сааттан ашкандан кийин абонент Казакстандан карызга алынган электр кубатын пайдаланып жатканын билиши керек.
Ал эми жылуулук энергиясы боюнча бирдиктүү тариф киргизилгени жатат, анын баасы гигакалориясы үчүн 917 сом.
Быйыл парламент электр жана жылуулук бааларын аныктоо укугун өкмөткө бере турган мыйзам кабыл алып, өкмөт жылуулук энергиясынын баасын көтөрүүнү демилгелеген. Ага ылайык, жылуулук энергиясын белгиленген чектен ашыкча колдонбогон тиричиликтик колдонуучулар үчүн 1-июлдан тартып 28,3 пайызга өскөн жана 1 гигакалория үчүн 917,7 сомду түзгөн. Мурун бул баа 715 сом болчу. Ал эми чектен ашыкча пайдаланган абоненттер үчүн жылуулук энергиясы 117,8 пайызга өскөн же гигакалория үчүн 1557,25 сом болуп бекитилген (мурун 929 сом болгон). Бирок өкмөттүн мындай чечимин Бишкектеги райондор аралык сот жокко чыгарган.
Булак: super.kg

Комментарий кошуу