нарын торугарт- нарын торугарт3- нарын торугарт1- нарын торгурат2- нарын торугарт4-

2015-жылдын алгачкы айынын акыркы күнүндө КРнын Өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев Нарын облусуна иш сапар аркылуу зыярат жасап, алгач өлкөнүн түндүгүнөн түштүгүнө чейин 500 чакырымдан ашык жол жүрүп, Торугарт чек ара көзөмөл өткөөл жайдын жөн-жайы менен таанышып, андан соң бул жайга жакын жайгашкан Канат Дүйшөналиев атындагы  Торугарт чек ара тозотунун жагдайын көрүп, күндүн экинчи ыптасында Жогорку Нарын каскаддарынын (ЖНК) курулушу, ал жердеги кырдаалга бети калды кездешүү жасады. Тек, ЖНКдан жергиликтүү тургундар менен болгон жолугушуусу жалпыга маалымдоо каражаттардын кабарчы, журналисттерисиз, жабык эшик артында өткөрүлдү.

Торугартка керек толтура жабдык

-Биз евразиялык экономикалык биримдикке киргенден кийин биздин чек ара ушул биримдиктин сырткы чек арасы болуп калат. Ошондуктан сапаттуу товарларды, жүктөрдү тейлегендей болушубуз керек. Мында бажылык да, ветеринардык жана фитосанитардык дагы жогорку деңгээлдеги жабдыктардын болушу зарыл. Бүгүн келип бул бажыкананы эл аралык стандарттык жабдыктар менен камсыздоого болжолу 13 миллион доллар керектелерин билдик. Мындан сырткары, тийиштүү лабораторияларды алууга да кошумча каражаттар талап кылынат.Биз мындай жумуштарды ишке ашыргандан кийин биримдикке мүчө болгон мамлекеттерди чакырабыз. Алар келип тескеп чыгышып жана макулдук беришкен соң, биздин Кыргызстан менен Казакстандын чек арасы ачык болот,-деп билдирди Өкмөт башчысы Торугарт көзөмөл өткөөл жайдагы кырдаал боюнча.

Нарын облусунун келечеги

Ж.Оторбаев ЖНКнын курулушунун долбоорлору менен таанышуу маалда өкмөттүн жана «Электрстанциялар» АКнын өкүлдөрүнө бир катар тапшырмаларды такты.

-Биз тараптан аткарылуучу бардык жумуштар өз убагында бүткөрүлсүн. Ал үчүн тиешелүү министрликтер жана Кыргызстан тараптан кол койгон «Электрстанциялар» жеке жоопкерчиликти тартасыңар,-деген Премьр-министрдин жергиликтүү тургундар менен жолугушуусу жабык эшик артында өткөрүлдү. Андан соң ЖМК өкүлдөрүнө маалымат берди.

-Бул жерге Русгидронун инвестициясы менен 4 ГЭС курулууда. Албетте анча мынча маселелер болуп атат. Себеби долбоордун кээ бир аянттары элдердин жеке менчик жерлерине туура келүүдө. Ал үчүн эл менен акылдашыш керек. Биз өз жоопкерчилигибизди аягына чейин жеткиребиз деген ойдомун. Курулушта долбоор жана саясый абал боюнча маселе жок. Каржы жагы чечилген. Бул долбоор биз үчүн аябай керектүү. Негизинен Нарын облусунун мүмкүнчүлүгү жогору. Мурда союз убагында жабык аймак болчу десек болот. Азыр Торугарт жолу жакшы деңгээлге жетти. Атаандаштык жол курулууда. Нарынга дагы инвестицияларды тарталы деп иштеп жатабыз.

– ГЭСке кеткен жеке тараптардын жеринин жалпы аянты канча? Булар сугар аянттарыбы?

-Жергиликтүү элдин 215 гектар суу баскан аянты канал жана суу астында калат. Сугат аянттар да бар. Биз болсо элге ыраазы болгондой жерлерди камсыз кылышыбыз керек. Мында айыл өкмөттөр менен келишимдер түзүлөт. Мурда кандай суу баскан жерлери болсо, дал ошондой жерлерди бергендей болобуз.

-Жети-Өгүз районунуна ижарага берилген биздин 47 миң га жайыт кайтарылбай жатат. Ошондуктан биз ишенбей 49 жылга келишимди узартууга макул эмезпиз,- дешүүдө жергиликтүү тургундар?

-Буга мен тапшырма бергенмин. Бул маселеде бирөө күнөлүү, бирөө туура эмес кылган деп айтуудан алысмын. Кандай негизде убагында чечим кабыл алынгандыгын жакшылап кароо зарыл. Бирок биз бир мамлекетте жашап жатабыз да. Ошон үчүн бири-бирибиз менен тытышып жүрүү туура эмес.Биз болсо жалпы чечимди табабыз.

Ошентип Өкмөттүн башчысы бир күндүк иш-сапарынын жыйынтыгы тууралуу ЖМК өкүлдөрүнө кыскача маалымат берип, суроолорго жооп кайтарган  кийин, өзү аларга кайрылып:- Кандай силерге жактыбы?-деп собол салып калды.

-Бир гана нерсе,сиз эл менен жабык эшик артында сүйлөштүңүз. Ушул маселе бүдөмүк болуп калды-деген суроо берилди.

-Мен азыр эле эл менен сүйлөшпөдүмбү.

-Ошол сүйлөшүүгө биз катышкан жокпуз. Бизди сыртка чыгарып салышты?

-А силер болгон жоксуңарбы? Эмнеге?

-Ошондой болуп калды.

-Балким орун жетпей калгандыр?

– Орун деле жетмек, батмакпыз.

-Эми эл менен жакшы сүйлөштүк. Мен жоопторумду ошол эле электрге, капиталдык салымдарга, жерге карата бердим. Биз элден качпайбыз. Дайыма аймактарга чыкканда эл менен сөссүз сүйлөшүп атам. Алар каалабаса да мен аларга өзүм барам. Себеби биз элибизге түз, таза,чыныбызды айтышыбыз керек.

-Жолугушууда эл менен бир пикирге келе алдыңыздарбы?

-Келе алдык. Алар ошондой эле тарифтер, жем, тоют боюнча маселе коюшту. Мен өкмөттүн колунан келгенче жардам берерин түз айттым. Бирок ошол тоют жем, маселеси чарбалык маселе. Мисалы таластык туугандар бизге таарынып атышат, төө буурчак баасы 30-40 сомго түштү дешип. Буга биз күнөөлүү эмеспиз да. Булар дүйнөлүк рыноктун мыйзамдары. Мына чийки мунайдын 120дан 45 долларга түшкөнүнө ким күнөлүү. Кургакчылык кудайдан да. Дыйкандар малдын баасын түшүргөн жок. Себеби тоют бар. Жок болсо базарларга чыгарып сата башташмак. Өкмөт, мамлекет чарбалык маселелерге киришпеш керек.

-Электр боюнча оюңуз кандай. 700 кВт.саат Нарындын шартына жетиштүү деп ойлойсузбу?

-Биз жайында 3 фазаларды кесебиз дегенбиз. Бирок кесилген жок. Казакстандан 5 сом 60 тыйындан алып жатабыз. Элге 2 сомдон сатылууда. Ортодогу 3 сом 60 тыйын субцидияны өкмөт көтөрүүдө.Эми мындай да.   Каалабагандары өздөрү 3 фазаны кесишсин. Кааласа казакстандык электрди төлөшсүн. Эгер Токтогул суу сактагычында көбүрөөк суу болуп калса, анда өзүбүздүн тарифтерди сөссүз корректировка кыла алабыз.

-Мурда биз Казакстанга 2 сомдон сатканбыз. Эми эмне үчүн алардан кымбат алып жатабыз?

-Туура. 2014-жылы биринчи жолу электр энергияны импорт кыла баштадык. Мурда сатчубуз. Бирок өзүбүздүн суубуз өзүбүзгө жетпей калды. Ошон үчүн биздин келечекте кандай саясатыбыз болот, ошол принциптерди иштете баштадык. Балким биз өзүбүздүн ТЭЦти жайында да толук кубаттуулукта иштетишибиз керек. Себеби ошол сууну сакташ үчүн. Бирок Токтогул суу сактагычта дайыма көп суу болушу керек. Биз үчүн 2014-жыл чоң сабак болду.

Көйгөйлөр

Ал эми Ж.Оторбаевдин келишин күтүп жаткан бир катар жергиликтүү тургундар атайын кайрылууну да жазып алышкан экен. Анда негизинен Нарын районунун Дөбөлү жана Орток айыл аймактары үчүн жаңы айдоо жерлерди өздөштүрүү, Жети-Өгүз районуна жана Нарын районунун Чет-Нура айыл аймагына берилген жайыт жерлерди кайра кайтаруу, бул айыл аймактарда жашаган тургундарга электр кубатын колдонуудан жеңилдик берүү, ЖНК курулушуна жергиликтүү элден жумушка алуу ж.б. талаптар жазылган. Көпчүлүктүн арасынан өзүн Эркин Орозоев деп тааныштырган Кайыңды айылынын тургуну мындай пикирин билдирди.

-Бул ГЭСтердин курулушуна эл каршы эмес. Тескерисинче сүйүнүп, колдогонбуз. Башында ушул айылдардын 80 пайызы жумуш менен камсыз болосуңар дешкен. Азыр 80 эмес, сегиз пайыз илинбей калдык. Эмне болду? Тендерден утуп алды. Эмне болду? Фирма менен келди. А айылда кайдагы фирма. Иши кылса азыр өзүм деген эле заман экен. Эптеп ута калсам, ГЭСке келип иштесем, ала калсам, жанымды баксам деген. Анан 49 жылга келишим дегенге каршы болгонубуздун себеби, мына 1964-жылы Жети-Өгүзгө берилген биздин жерлерди кайра ала албай жатабыз. Себеби мыйзамдар саат сайын өзгөрүп жатат. Анан кимге ишенебиз.

Ал эми Орток айылдык Кеңешинин депутаты Азиз Муңайтпасов буларды белгиледи.

-Бизден 3 турак жай жана 3,17 гектар жер ГЭСтин аймагында анклав болуп калды. Учурда ал сарайларда эч ким жашабайт. Себеби бирөөнө жол жакын салынгандыктан улам Хово машиналар бат-баттан өтүп, жыйынтыгында там жарылды. Эки сарайда болсо эң жакын жерден карерлер казылгандыктан мал багууга мүмкүнчүлүк болбой калды. Жолдор салынгандыктан ал жактагы үлүш жерлер сугарылган жок. Бул сарайларды болсо мамлекет сатып алат дешкени менен сатып алыша элек. 2014-жыл үчүн иштетилбей калган үлүш жерлерге компенсация берилбеди. Кайрылбаган жер калбады.

ЖНКга барып, элден сыркары иштеп жаткан жалгыз курулуш коомдо да көйгөй бар экендигин эшиттик. Кеп кезеги «Кыргыз суу кесип курулуш» ачык акционердик коомунун бөлүгүнүн башчысы Ыйман Батыркуловдо:

-Биз 12-октябрдан тарта иштеп жатабыз. Учурда Нарын-1 ГЭСи үчүн жалпы узундугу 6800 метр канал казылышы керек болсо, анын 500 метр аралыгын казып бүттүк. 18 бирдик техникаларыбыз бар. Курулушта негизи 37адам иштешсе, алардын 40 пайызы жергиликтүү Нарын облусунан. Бизде көйгөйдүн биринчиси айлык акыга акча которулбай жатат. Октябрдан бери бир жолу гана акча алдык. Экинчиси биз «Газпромдон» солярканы келишим менен алабыз. Бирок ал жайкы солярка болуп калууда. «ДТ плюс» дегенди беришет, анысы таптакыр «кашаа» болуп калган. Саляркалар тоңуп, техникаларга күч келтирүүдө. От албай жатат. Бир-эки эле от албай калса, аппаратурасы тез иштен чыгып калууда. Эртең менен жетиден кечки алтыга чейин иштейбиз. Орточо айлык 15 миңден жогору. Тамак-аш, жатаканадан көйгөй жок.

Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу