ысык-көл баткак1

Кыргызтан сууларга бай өлкө катары Орто Азияга таанымал. Ысык-Көлдөн сырткары, өзүнө сыр каткан майда тоо көлдөрү, таза суунун булагы – мөңгүлөр, таштан ташка тийип, майы чыккан шаркыратмалар, тиш какшаткан булактар, кылымдардан кылымдарды карыткан уникалдуу минералдарга бай булактар биздин өлкөдөн орун алган. Алардын катарын Ысык-Көлдүн тескей жээгиндеги Туз көл толуктайт. Айтайын дегеним, улуу адамдардын көз карашындагы көл.

«Кызым, биз бала кезде шорлуу суу деген көлмө бар эле. Ак-Теректин чаты менен көлгө жетип, чыгышты карай жээктесең кумдуу чаптардын арасында, узун-туурасы миң саржанга да жетпейт. Туздуулугун суунун коюулугунан билесиң. Туз көлдүн дарылыгын эл баалабай калды. Заман оңолгону «кералин» деген даары чыгып, көл унутулду. Суунун ортосуна чейин сүзсөң, өзүнүн жандыктары бар. Мага жакканы атка окшогон майда курттар. Кышында муз тепсең болот. Ай толгон маалда, түнкүсүн куштар конот. Башка күндөрү эмес, мүмкүн ай толгондо туз көлдүн бир керемети, касиети бар чыгаар… Мунусу мага табышмак.

Тээ илгери байлар, малдуулар, жайлоого чыгаарда бодосун, кой-эчкисин алдын-ала дарылашчу. Дарылагандарга кошулуп, мен да барам. Ак-Теректин чатын аралап, кумдуу чап менен мал айдап, Туз көлгө жетебиз. Туз сураган мал аппак, шор таштардан тузун кандырышат. Малды Туз көлдүн аркы жээгине бир, берки жээгине бир сүздүрөбүз. Муну түшүнгөндөй мал дагы качпайт. Мындай дарылоодон кийин жайлоодон жугуштуу ылаң менен ылаңдабай, жакшы түшөт. Күзүндө кышка даярдык катары Туз көлгө сүздүрөбүз. Көлдүн дарылык касиети ушунда… Заманга жараша дарынын түрү бар. Оруулар да ар түрдүү. Туз көлдөн кийин «котур, чакалай» жана башка малдын оорулары жологон эмес. Жүнү да түшпөй жалтылдап калат»,- деген чоң атамдын кайталап айта берген жомогу бүгүн чындык.

Болгондо да мал-жандыктардын ордуна адамдар, тери оорулары, муун оорулары, ар түрдүү аллергияга чалдыккандар өз алдынча дарыланышат. 2001-жылдан бери Кыргызстандан эле эмес, коңшу өлкөлөрдөн да келип эс алышат. Көрүнүшү анчалык чоң орунду ээлебейт. Айланасында чычырканак, тикенектүү бадалдар өскөн. Жээгинде кара жана жашгылтым дары баткактар бар, келгендер шыбанып, күнгө кактанат. Таң калычтуусу, суунун ичинде абдан жылуу жана муздак агым. Же түбүнөн ысык булак чыгабы?.. Туз көлдөн суу агып чыкпайт, суу агып кирбейт. Кургакчылык болгондо суу кадимкидей тартылганы байкалат. Жаанчыл болбогон жылдары Туз көл тартылып калат деп тынчсызданган адамдар да жок эмес. Жергиликтүүлөрдүн айтымында, кышкысын суу тузсузданып, тоңгондо үстүнө чана тепкенге болот. Балдардын диатез, «пелёночный дерматит» ооруларынын алдын алуу максатында жаңы төрөлгөн ымыркайларды туз көлдүн суусун алып келип жуундурушат. Жайкы эс алуучулардын көп келгенинен уламбы, суудагы майда жандыктары жок болуп кетти. Мүмкүн суу ошол курттар менен дарыдыр. Мекендеген канаттуулар да үрктү, себебин түшүнбөйбүз,-дешет кызылтуулуктар. Дегеле биз барктай албаган суубузду чет мамлекеттерден издеп келип жаткандыгы кубанычтуу. Бирок, кыргыздар мекендеген жердеги биз билбеген, сезбеген, жаратылыштын сырдуу белектерин бузбай, өнүктүрүп, шарт түзүп кийинки муундарга өткөрүп бергенибиз туура.

 Асел БАРЫКТАБАСОВА