ислам1

Өзбекстанда өткөн жылдын 26-декабрынан бери өлкөнүн Президентин шайлоо боюнча өнөктүк жүрүп жатат.

Өзбекстандын Либерал-демократиялык партиясы өзүнүн кезектеги курултайында 76 жаштагы Президент Ислам Каримовдун талапкерлигин өлкө башчылыгына кайрадан көрсөттү. Ислам Каримов мамлекетти 25 жылдан бери башкарууда. 2007-жылы өткөн акыркы шайлоодо ал 7 жылдык мөөнөткө шайланган. Конституцияга киргизилген жаңы өзгөрүүлөргө ылайык, эмики Президент 5 жылдык мөөнөткө гана шайланат. Президенттик кызматка курагы 30 жаштан кем эмес, өлкөдө шайлоого чейин кеминде 10 жыл жашаган жаран талапкер болууга укуктуу. Азырынча өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлер тууралуу маалыматтарды жарыялай элек. Бирок, соңку кабарларга таянсак, Өзбекстандын Элдик-демократиялык партиясы Хатамжон Кетмоновдун талапкерлигин көрсөтүштү. Ал эми Социал-демократтык “Адолат” партиясы Нариман Умаровдун талапкерлигин сунуштоодо. Партиянын уставына ылайык анын талапкерлиги 10-февралда өтүүчү 7-курултайда талкууланат. Н.Умаров ушул тапта Өзбекстан парламентинин төмөнкү палатасында вице-спикер.

Шайлоо 2015-жылдын 29-мартына белгиленген. Каримовдун бул шайлоодо шансы канчалык? Ал өзбекстандыктардын карт жетекчинин калышын канчалык каалашат, ошого жараша болот.

 Атай АЛТЫМЫШЕВ