сагыз1

“Жаман нерсе жугуштуу”  деген  накыл  кеп,  чын  белем,  мобилдигине  кошулган  наушнигинен  музыка  угуп, чалпылдата  чайнаган  сагызын  баканын  жемсөөсүндөй  барсайта  оозунан  чыгарып  тарс-тарс  эттирип,  “ништяк”,  “о,кейди” аралаштыра  сүйлөгөн  ага-эжелеринин  таасириби,  айтор  мектепте  окушкан  ини-карындаштары  алардан  ашып  түшкөндөй…  Буга,  неберемди  мектебине  жеткиргенде  күбө  болдум.  Ачык  турган  класстагы  эжейден  неберемдин  классын  сурайын  деп  баш  багып,  көргөн  көзүмө  ишене  албадым. Класстагы  окуучулар  айылдагы  короого  камалган  “кой-эчкидей  кепшесе”,  бир  даары  оозундагы  сагызын  баканын  жемсөөсүндөй  барсайтып  тарс-тарс  эттиришет,  үчүнчүлөрү  сагызын  узун  чойгонуна  жетине  албай  отурат.  Эжейи  алардын  кылыгына  жедеп  көнгөнбү,  алдындагы  китебине  үңүлгөн  бойдон  момурайт…  Мындайды  алгач  көргөндүктөнбү,  айтор,  бул  класста  сагыз  чайноонун  конкурсу  өткөрүлүп  жатабы  деген  ойго  келдим.

Бир  маалда,  коңгуроо  кагылып,  баятан  бери  кой-эчкидей  “кепшеп”  отурган  окуучулар  карышкыр  тийгендей  сыртка  удургуп  чыгып,  эшик  алдында  турган  неберем  экөөбүздү  тебелеп  кете  жаздады.  Алардын  бир  даары  бири-бирине  кыйкырып  жатса,  кээ  бирлери  оозундагы  сагыздарын  үйлөгөн  шардай  барсайтып  тарс-тарс  эттирет.  Алардын  кылыгына  түшүнө  албай  турдум,  же  бири-бирин  өлдүң  дегениби?  Тарсылдап  жарылган  сагызы  бети-башына,  өзгөчө  чачына,  ата-энелери  ичпей-жебей,  кыйнала  сатып  берген  кийимине  жабышса  деле  биле  тургандай  эмес.  Өтө  өкүнүчтүүсү,  айрым  балдар  сагыздын  сыртын  (наклейкасын)  топтошуп,  эмерекке,  дубалга,  кыскасы  көрүнгөн  жерге  жабыштыра  берет.  Кээ  бир  автоунаага  түшсөң,  башың  айланат  жаныбардан  тартып,  жүрөктү  түшүргөн  жалаңкычтын  сүрөтү  тартылган.  Мындай  ыксыз  иштер  жөнүндө  айтсаңыз,  алар  оозундагы  сагызын  бултайта  чыгарып,  же  тарс  эттирип  басып  кеткенде  жиниң  кайнайт.

Анан  калса,  бизде  чет  элден  келген  сагыздын  баары  тиштин  бошошуна,  ооз  көңдөйүндө  жаранын  пайда  болушуна,  тишти  кармап  турган  эти  жарылып  ашказан,  тамак  иштетүүчү  органга  терс  таасирин  тийгизип  жаткандыгын  медик  адистерибиз  кан  какшап  айтып  келет.  Андыктан  ини-карындашым  жалындап  күйгөн  жаштыгыңы,  ар  кандай  ооруга  жол  ачкан  сагызга  тебелетпей  өзүңдүн  ден соолугуңду  сактап,  аны  чайнабай  эле  койгулачы  демекчимин.

Бактыбек  ИМАМАДИЕВ